Николаев облусунда орусиялык дрон поездге тийгени кабарланды

Орусия Украинанын темир жолдорун бутага көп алат. Архив

Николаев облусунда орусиялык дрон бош бараткан поездге тийгенин, темир жол компаниясынын бир кызматкери жарадар болгонун Украинанын вице-премьери Алексей Кулеба билдирди.

Ага чейин шаршемби күнкү чабуул жана вагондун бирин өрт чалганын маалымат каражаттары менен соцтармактардагы айрым баракчалар жазышкан. Облус администрациясынын башчысы Виталий Ким окуя болуп аткан маалда дароо маалыматты таратууну «душманга жардам берүүгө» теңеп, чара көрүлөрүн эскерткен.

Орус армиясы жүргүнчү поезддерди буга чейин да бутага алып келген. Кулебанын айтымында, бир күн мурда «Орусия Днепр-Ковель каттамындагы поездге сокку урууга аракеттенген».

«Темир жолчулар поездди дароо токтотуп, жүргүнчүлөрдү эвакуациялашты. Натыйжада учкучсуз учак локомотивге жакын жерге кулады. Эч ким жабыркаган жок. Кооптуу кырдаал жоюлганда поезд сапарын улантты», - деп жазды вице-премьер.

Маалыматка караганда, поездде 230 киши бараткан.

Шаршембиде Херсон шаарын аткылоо учурунда 76 жаштагы аял каза тапканын, бир киши жарадар болгонун облустук прокуратура билдирди.

Орус аскерлери бул маалыматтарды комментарийлеген жок.

Майдан тилкесиндеги Херсондун бир бөлүгүн орус аскерлери ээлеп алган.

Дагы караңыз

Сауд Арабиясынан келген эки учак Кыргызстанга кондуАскат Жетигенди айып изоляторунан чыгарган коомдук талкуу Машыктыруучу Борис Подкорытов 78 жашында дүйнөдөн кайтты