Кат коомчулукка чыгып кеткенден кийин Аскат Жетиген абак изоляторунан бошотулганы белгилүү болду. Бул аталган абак жайынан жазылган биринчи кайрылуу эмес. Февраль айында да №27 абактагы кыйноого, орой мамилеге даттанган кат социалдык түйүндөргө тараган.
Аскат Жетигендин жактоочусу Нурбек Токтакуновго жазган каты социалдык тармакка 2-мартта жарыяланды. Анда ал айып изоляторунда камалып турганын айткан.
“Учурда мен ШИЗОдомун. Түшкү тамактанууга чыкпай, сейилдөөчү бөлмөдө бир сааттан ашык убакыт жаанда турдум”, - деген ал.
Аскат Жетиген мындай жазага акыйкатчынын өкүлү барганда чындыкты айтканы үчүн кабылганын жашырган эмес.
“Өткөн айда мекеменин иштерин текшерүү үчүн Омбудсмендин өкүлдөрү келгенде мен мекемеде иштеп жаткан кызматкерлер тарабынан болуп жаткан мыйзам бузуулар тууралуу айткам. Ошол маалда ыкчам бөлүмүнүн башчысы Улан аттуу кызматкер мага тоскоол болуп, мыйзам бузууларды жашырууга аракет кылганда айтыша кеткенбиз. Аталган ыкчам бөлүмүнүн башчысы Улан ашкере оройлугу жана зөөкүрлүгү менен белгилүү”, - деген Аскат Жетиген.
Ал текшерүү келгенде абак жетекчилиги соттолгондорду “баары жакшы” деп айтууга мажбурларын, “мекемедеги аёосуз ур-токмокко алууну, ар-намысына байма-бай шек келтиргендери тууралуу маалыматты ачык айткандарды сабап, бир нече күнгө изоляторго камап, ар кандай жумуштарды кылууга мажбурлап, өздөрү каалагандай кыйнашарын” белгилеген.
Катта абакты жылытууга бөлүнгөн көмүр ысырапчылык менен иштетилери, жазасын өтөп жаткандарга спорт менен машыгууга тоскоолдук жаралганы, 2 миң сом төлөбөгөндөр залга киргизилбей турганы, абакты оңдоп-түзөө соттолгондордун акчасына жүргөнү да айтылган. Абак кызматкерлери иш убактысында “чартаңбай” тебүүнү бир жылдан бери адатка айлантканы кеп болгон.
Жактоочу Нурбек Токтакунов абак жетекчилигинен акынды “жазалоо жана мөөнөтсүз айып изоляторуна камоо” себебин сураганын, убагында жооп болбогону үчүн коомчулукка кайрылганын Фейсбук баракчасына жазды.
“Аскат Жетигенди акыйкатчынын өкүлүнө соттолгондорго карата катаал мамиле тууралуу айткандан кийин өч алуу иретинде эч себепсиз, мөөнөтсүз айып изоляторуна камашкан. Абактын администрациясынан жазанын себеби жана мөөнөтсүз айып изоляторуна отургузуу тууралуу жооп талап кылсам, катчылыктан жоопту эки жумадан кийин берерин билдиришти. Алар адвокаттын жазанын себеби жана мөөнөтү тууралуу суроосуна тез арада жооп берүү керектигин да билишпейт. Буга байланыштуу акын Аскат Жетигендин кайрылуусун блогерлер жана журналисттер арасына жайылттым”, - деген Токтакунов.
Аскат Жетигендин каты жана жактоочунун билдирүүсү жарыялангандан көп өтпөй Жаза аткаруу кызматы да билдирүү таратты.
Маалыматта ЖАМК мекемелеринин ишмердүүлүгү, жогорку органдардын жана прокуратуранын көзөмөлүндө экени белгиленген. 2025-жылы №27 мекемени Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү үч, прокуратуранын өкүлдөрү сегиз жолу текшерсе, 2026-жылы Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү үч, прокуратура үч жолу текшергени жазылган.
“2026-жылдын 2-мартында, соттолгон Жетиген уулу А., мекеменин кызматкерлери менен жасалма чыр-чатакты пайда кылуу аракеттери жана башка соттолгондорду, мекеменин администрациясынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакыруу менен ички тартип эрежелерин одоно бузганы, ошондой эле мекеменин ички тартибинин эрежелерин сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 118-беренесинин негизинде, мекеменин башчысынын токтомунун негизинде соттолгон А.Жетиген уулуна карата, 15 сутка мөөнөткө айып изоляторуна камоо түрүндө тартиптик жаза чарасы колдонулган. (Атап кетсек: Соттолгондорго карата дисциплинардык чара колдонуу укугу мекеменин башчысы же мекеменин башчысынын милдеттерин убактылуу аткаруучусуна берилген), башка кызматкерлер мындай укукка ээ эмес”, - деп жазылган ЖАМК тараткан билдирүүдө.
Анда мындан тышкары катта айтылган көмүр, спорт зал, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу маалымат камтылып, бул иштердин баары мамлекеттин эсебинен жүргөнү айтылган.
Расмий маалыматта учурда №27 абакта 1102 жаран жазасын өтөп жатат.
Макала жазылып жатканда Аскат Жетиген ЖАМК жетекчисинин көрсөтмөсү менен айып изоляторунан бошотулганы белгилүү болду.
Акыйкатчынын жообу
Февраль айында ушул эле мекемеден жазылган дагы бир кат социалдык түйүндөргө жарыялаганган. Каттын автору анда 27-абакта соттолгондор кыйноого кабыларын, 2005-жылы 7-апрелде жоон топ адам сабалып, ур-токмоктун кесепетинен Тилек уулу Азамат аттуу жаран каза болгонун айткан. Кат бир катар медиаларга жарыяланган.
Акыйкатчы институту ушу тапта катта жазылгандар териштирилип жатканын билдирди.
Ал эми Аскат Жетигендин кыйноого алынышы боюнча аталган Омбудсменге караштуу Кыйноолорду алдын алуу жана укук коргоо органдары тарабынан адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү башкармалыгынын жетекчиси Эмил Жандаев мындай маалымат берди.
“Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 26-февралда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №27 мекемесинде мониторинг жүргүзүштү. Соттолгон Аскат Жетиген мекеменин кызматкери тарабынан орой мамиле жасалганына даттанды. Бул тууралуу дароо чара көрүү үчүн колониянын жетекчилигине билдирилди. 3-март күнү кайра түрмөгө барып, Аскат Жетиген менен сүйлөшүп келишти. Топтолгон материалдардын баары Башкы прокуратурага жөнөтүлөт”.
Буга чейин айрым абактарда соттолуучулар сабалганы, ооруканага түшкөнү, ал тургай адам өлүмү болгону тууралуу маалыматтар чыккан. Жаза аткаруу кызматы мындай маалыматтардын баарын төгүндөгөн.
2024-жылы декабрда абак жайларда кармалып тургандар ачкачылык жарыялап, айрымдары сабалганы жөнүндө белгилүү болгондо президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек курган.
Анда ал социалдык тинтүү туура жасалганын, түрмөлөрдө тартип болушу керектигин айткан. Абакта отургандар телефон аркылуу бир катар адамдарды алдаганын белгилеген.
"Баш ийбей, каршылык көрсөткөндөрдүн башынан сылабайт да. Тартип деген тартип. Мурдагы заман жок. Аны унутуш керек", - деген ал.
Президент мындан тышкары учурда түрмөлөрдө абал оңолуп, ишканалар иштеп жатканын, эки-үч жылда бардык абактардын ичинде өндүрүш ачылып, шарт түзүлөрүн, анда иштегендердин айлык акысы сырттагыдай жогору болорун кошумчалаган.
Жаза аткаруу кызматын 2024-жылдан бери Чыңгыз Кожошев жетектеп келет.
"Ажиев бошотулду, Аскат калды"
Жактоочу Нурбек Токтакунов соңку кезде мамлекеттик системада бир катар өзгөрүүлөр болгонун эске салып, ЖАМК “бандиттик тартипке каршы” деген күрөш менен аша чаап жатканына токтолгон.
“Эмне үчүн ташиевдик кадрлар алмашкандан кийин ЖАМКны Ташиевдин мураскери башкарып жатат? Абактагы акын Аскат Жетиген журналисттерге жана адвокатка расмий администрация жаза өтөө жайларында бандиттик тартипке каршы деген күрөш менен аша чаап, соттолгондордун укуктарын одоно бузууда. Эгер мамлекет бандиттик түшүнүктөрдү жана тартипти сындыруу үчүн бийликти алса, анда соттолуучуларга толук кандуу тамактануудан тарта, материалдык жана гигиеналык колдоо көргөзүүгө тийиш. Аскат Жетигендин кайрылуусунда анын ордуна расмий администрация өкүлдөрү соттолгондорго бөлүнгөн көмүр менен мончо жагып, жумасына төрт жолу эс алууда. Абактагы ремонт толугу менен соттолгондордун эсебинен жүрүүдө”, - деген жактоочу.
Аскат Жетиген камалгандан бери жарандык коомдун өкүлдөрү аны бошотууну талап кылып келет. Алардын айрымдары вебкам студияларды иштеткени үчүн камалган Даниел Ажиев эркиндикке чыккан соң, сөгүнгөнү үчүн соттолгон таланттуу акынга дагы боштондук берилишин талап кылышууда.
"Чекит медиа" платформасынын жетекчиси, журналист Асел Сооронбаева бул боюнча мындай пикирде.
“Менин билишимче, Даниел Ажиев президенттен ырайым сурады. Бирок ал ыплас иштери менен канчалаган кыздын убалына калган. Ошол аркылуу акча таап келген. Аскат Жетиген ырайым сураган жок. “Менин күнөөм жок, кылмыш кылган эмесмин” деп жатат. Бирок ырайым сурабайт деп коё бербей коюу да өчөшкөндөй болуп жатпайбы. Бул эми чанда кезиккен талант да. Убагында баалашыбыз керек. "Тентектик кылыптыр" деп ишин кыскартса болмок. Аскат абакта жаткан кезде “Сармерденге” катышып, музыкалык аспаптарда ойноду. Ошондой иштерин деле эске алышса болмок. Бул окуя сөзсүз тарыхта калат. Кийин акын тууралуу даректүү да, көркөм да тасма тартылышы мүмкүн. Ошондо азыркы бийлик жетекчилери кандай абалда берилет? Ал жагын да ойлонуп коюшса болмок”.
ЖАМК былтыр декабрда Аскат Жетигендин абактагы үлгүлүү жүрүм-турумун баалап, тартип бузбаганын, атүгүл абакта үч ирет сыйланганын белгилеп, бирок аны мөөнөтүнөн мурда бошотуу мүмкүн эместигин адвокатына жазган катында билдирген. Активист абакта быйылкы жылдын августунун ортосуна чейин болору айтылган.
Жетигенге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эки кылмыш ишин козгогон: биринчиси - 2021-жылы март айындагы видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - 2024-жылы 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен.
2024-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган. Кийинки сот бутактары бул чечимди күчүндө калтырган.
Шерине