Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:57

ЖАМК Аскат Жетиген айып изоляторунан бошотулганын билдирди

Аскат Жетиген Бишкек шаардык сотунда. 17-октябрь, 2024-жыл.
Аскат Жетиген Бишкек шаардык сотунда. 17-октябрь, 2024-жыл.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчилигинин көрсөтмөсү менен абактагы акын Аскат Жетиген айып изоляторунан бошотулду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 4-мартта "Азаттыкка" маалымдады.

Ушул эле күнү Акыйкатчы институтунун кызматкерлери да №27 жаза өтөө мекемесине барып, Аскат Жетиген менен жолугушкан. Омбудсмен институту аталган түрмөдөн топтолгон материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлөрүн "Азаттыкка" кабарлады.

№27 түрмөдө жазасын өтөп жаткан жарандык активист, ырчы Аскат Жетиген абактагы укук бузууларды акыйкатчынын өкүлдөрүнө ачык айтканы үчүн кыйноого кабылып, айып изоляторуна киргизилгенин билдирген. Бул тууралуу ал өзүнүн адвокаты Нурбек Токтакуновго 2-мартта жазган катында маалымдап, укугу бузулуп жатканын коомчулукка жеткирүүсүн жана өзүн коргоону суранган.

ЖАМК 3-март күнү Аскат Жетиген уулунун кыйноого кабылганы тууралуу маалыматты төгүндөп, Жетиген уулу мекеменин кызматкерлери менен чыр-чатак чыгарып, башка соттолгондорду абактын жетекчилигинин талаптарына баш ийбөөгө чакырганы жана ички тартип эрежелерин бузганы үчүн аны 15 суткага айып изоляторуна которушканын билдирген.

Жарандык активист, ырчы Аскат Жетигенге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эки кылмыш ишин козгогон: биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - 2024-жылы 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”).

2024-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган. Кийинки сот бутактары бул чечимди күчүндө калтырган.

ЖАМК былтыр декабрдын башында камактагы Аскат Жетигендин жүрүм-турумун оң баалап, ал эч бир тартип бузбаганын, атүгүл абакта үч ирет сыйланганын анын адвокатына жазган катында билдирген.

Активист абакта быйылкы жылдын августунун ортосуна чейин болору айтылган.

Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.

Ал бийликти кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган.(ST/ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG