Өзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт баланын өмүрү кыйылды

ӨКМ тараткан сүрөт.

5-мартка караган түнү Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылып, таңкы саат 3:50дө толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен сегиз, алты, беш жана үч жаштагы балдар каза болгон.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Тиешелүү кызматтар териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Былтыр октябрда да Ош шаарында турак үйдөн өрт чыгып, 34 жаштагы келин беш баласы менен каза болгон. Ушул окуядан кийин президент Садыр Жапаров өрт коопсуздугу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырган.

Дагы караңыз

CPJ Ирандын абактарындагы журналисттердин коопсуздугуна тынчсыздануусун билдирдиАКШ Шри-Ланканын жээгинде Ирандын аскердик кемесин чөктүргөнүн билдирдиКазакстанда Путинге акарат келтирген сөз жазгандарды издеп жатышатТоктогулда 1 млн сомдой алимент өндүрүлдү