Улуу Британиянын Деңиз соода уюму (UKMTO) Кувейттин жээгинде танкердеги жарылуу мунайдын төгүлүшүнө алып келгенин билдирди.
Уюмдун маалыматына караганда, окуя 4-марттын кечинде Кувейттин Мубарак ал-Кабир портунан түштүк-чыгышта 55,5 чакырым аралыкта болгон. Кувейттин Ички иштер министрлиги окуя өлкөнүн аймактык сууларынан тышкары, порттон кеминде 60 чакырым алыстыкта болгонун тактады.
Кемеказыкта турган танкердин капитаны UKMTOго порттун жанында катуу жарылууну укканын, ошондой эле кичине кеме көргөнүн, ал аймактан чыгып кеткенин билдирген.
"Суудан мунай табылды. Жүк ташуучу танкерден мунай агып жатат, бул экологиялык кесепеттерге алып келиши мүмкүн", - деп билдирди уюм.
Маалыматта ошондой эле кемеге суу кирип жатканы, өрт тууралуу кабарланбаганы жана экипаж коопсуз экени айтылды.
Танкердин желеги жана ал ташып бараткан мунайдын ээси көрсөтүлгөн эмес.
Бул АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы башталгандан берки танкерлерге жасалган биринчи чабуул эмес. UKMTO Оман жана Бирикен Араб Эмирликтеринин жээктериндеги кемелерге кол салуулар болгонун билдирген.