Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев абитуриенттерден алынчу жалпы республикалык тестти (ЖРТ) акысыз кылууну сунуштады. Ал өзү абитуриент болуп жүргөн учурду эске салып, андагы тапшыруу сынагынын баасы 280 сом болгонун, кийин ЖРТда ар бир предмет үчүн 200 сомдон алынып жатканын белгиледи.
Депутаттын пикиринде, мындай баа социалдык абалы жакшы эмес үй-бүлөлөргө түйшүк жаратат жана тестке даярдануу үчүн баласын курстарга берген ата-энелер кошумча чыгым тартат.
Ал бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Европадагы тажрыйбаны изилдеп чыкканын, көпчүлүгүндө бүтүрүүчүлөр үчүн сынак акысын мамлекет төлөп берерин билдирди.
“Эмнеге мамлекет ошол тармакка каражат бөлбөйт? Келиңиздер, ушул жылдан баштайлы. 400 миллион сом болобу, өзүбүз эле төлөп берели. Бекер кылалы. Бул мамлекетке керек. Себеби мамлекет бүтүрүүчүлөрдү өзү даярдайт, билим деңгээлин өзү карашы керек”, - деди Бекешев.
Ал 9-классты бүтүрүп коллежге окуй тургандар үчүн да ЖРТ милдеттүү экенин белгилеп, муну жокко чыгарууну сунуштады.
Депутат билдиргендей, ага Өзгөндөн окуучулар кайрылып, мектептеги бардык эле бүтүрүүчүлөр ЖРТ тапшырбай турганын, мугалимдер жаман окугандар мектептин орточо упайына терс таасир берет деп сынакка кирүүсүнө тоскоол болорун айтышкан.
Ал ошондой эле тесттин жыйынтыгы бир жарым айда жарыяланганын сынга алып, бул багытта санариптештирүү иштерин жүргүзүү керек деди.
Бекешевдин сунушу тууралуу Агартуу министрлиги комментарий бере элек.
Жалпы республикалык тестирлөө мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жогорку окуу жайга өтүүгө мүмкүнчүлүк берген сынак. Тест уюштуруучуну Агартуу министрлиги сынак аркылуу тандайт. Соңку жылдары бул укук Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна берилип келет.