6-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Ош облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт.
Айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндуз 3…8
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 6…11
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6
Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан жаайт. Туман түшөт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 6…8° жылуу болот.