Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи менен коштошуу зыйнаты белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу ирандык Tasnim маалымат агенттиги билдирди.
Адегенда аятолланы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 4-марттын кечинде башталып, үч күнгө созулат деп пландалган. Бирок ага катышууну каалагандардын саны өтө көп болгондуктан жана коопсуздукту камсыздоодогу кыйынчылыктардан улам бийлик кийинки убакытка калтырууну чечти.
Тегеран провинциясынын Ислам пропагандасын координациялоо кеңешинин жетекчиси Сейед Мохсен Махмуди акыркы сапарга узатуунун жаңы датасы кийинчерээк жарыяланарын билдирди.
«Бул иш-чарага катышуу үчүн кайрылгандардын саны абдан көп болуп жатат. Ошондой эле адамдарды жайгаштырууга ылайыктуу шарт түзүү зарылдыгын эске алып, ыңгайлуураак убакта өткөрүү чечими кабыл алынды», — деди ал.
28-февралда Израил жана Америка Кошмо Штаттары Ирандын аймагына сокку ура баштаган.
Кийинчерээк АКШнын президенти Дональд Трамп бул чабуулдун натыйжасында өлкөнүн жогорку лидери, 86 жаштагы аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн билдирген.
1-мартта Иран бийлиги анын каза болгонун ырастап, өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыялаган.