4-мартта социалдык тармактарда вебкам иши боюнча соттолгон Даниел Ажиев абактан бошогон соң, тик учак менен кеткени айтылган тасма тараган. Ушул тапта бул окуя коомчулуктун кызуу талкуусуна түшүп, соцтармактарда бийликтин дарегине катуу сын айтылууда.
"Бийликтин беделине шек келтирди"
Юрист Эржан Сулайманов Ажиевдин аракети бийликтин кадырына шек келтирет деп эсептейт:
Эржан Сулайманов
“Биринчи орунда бийликтин кадыр-баркына шек келтирилип жатат. Ушундай деп айтсаң сындап жатат деп чыгышат. Улуттун наркына, баалуулугуна, тарыхына шек келтирип жатат. Улуттун кыздарын онлайн сойку кылып, арам акча топтогон адамга кайсы бир себеп менен мунапыс берилиптир. Бул аракетинен баш тартып, кечирим сурап оңолуп кетпеди. Тескерисинче, мындай аракеттерди жасап жатат. Башка адамдар деле коомдон кечирим сурап, кылганына өкүнүп, мыйзамды сыйлай турганынын айтып жатышты го”.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ажиев абактан тик учак менен чыкты
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин дарегине айтылган сындардан улам мекеме “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Тик учак түзөтүү мекемесинин өзүнө барбаганын, аны Ажиев өзү жалдабаганын билдирип, окуя боюнча ички иликтөө жүргүзүлгөнүн ӨКМнин маалымат катчысы Адилбек Чаргынов айтып берди:
Адилбек Чаргынов
“Биздин тик учак Даниел Ажиевди түрмөдөн алып келгени жөнүндө маалымат чыккандан кийин эле министрдин буйругу менен ички иликтөө жүргүзүлгөн. Тиешелүүлөргө чара көрүлгөн. Оозеки буйрук менен коопсуздук чаралары, ким отуруп, кимди ташый турганы боюнча келечекте мындай жагдайды кайталабаш үчүн буйрук берилген. Буюртма берген адам досубу же чогуу иштешкен адамбы — мен билбейт экенмин. Аты-жөнү бизде бар, аны ачык айта албайбыз, анткени коммерциялык сыр болуп эсептелет. Тиешелүү укук коргоо органдары кайрылса, биз толук маалыматты беребиз. Ал түрмөнүн ичинен учкан жок. Ал түрмөгө жакын жердеги бош аянттан учкан. Түрмөнүн аймагынан эч ким уча албайт”.
Ажиевдин окуясынан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учактарын ижарага берүү тартиби суроо жаратты. Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев мындай айтты.
Алишер Козуев
“Бул жерде ӨКМдин өзүнүн жоболору болушу керек. Кайсы жакка барат, кандай адамды ташыйт, кайсы аймакта жүрөт — бул боюнча өздөрүнүн бир ченемдери болушу шарт. Буга чейин мындай эрежелер каралбаган болсо, министрлик үчүн бул чоң сабак болду. Кайсы бир күнү күн тартибине киргенде бул суроолорду да беребиз. Негизи ушул маселе боюнча эскертүү алыш керек”.
Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Улукбек Карыбек уулу министрлик ущул окуядан соң сабак алыш керектигин айтып жатат.
Улукбек Карыбек уулу
“Тийиштүү органдар, вертолетко тиешелүү жетекчилик, жооптуу адамдар ушул жагдайларга көңүл бурушу керек деп ойлоп турам. Анткени жогоруда белгилегендей, моралдык жактан коомго терс таасирин тийгизе турган адамдардын вертолет менен түрмөдөн кетиши чектен чыккандык. Ички жобосунда тик учакты жалдоо кимдерге болот, кимдерге болбойт деген маселени карап чыгуучу учур келиптир”.
Өткөн жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Түштүк Кореядан эки тик учак алынганы жатканын билдирген. Экөөнүн баасы 71 миллиондой доллар деп бааланган. Учурда ӨКМдин кармагында үч тик учак бар. Дагы эки тик учак келери күтүлүп жатканы айтылды. Үч тик учактын бирөө эл аралык сүйлөшүүлөрдүн арты менен белек катары берилген.
Буга чейин да министрликтин тик учактарынын ижарага берилишине байланыштуу коомчулукта талкуу жараткан окуялар орун алган.
2024-жылы президент Садыр Жапаровдун карындашы Лаззат Нургожоеванын колун мурдагы жигити министрликтин тик учагы менен алып барып сураган видеосу тарап, кийин президент элден кечирим сураган. Нургожоеванын мурдагы жигити кийин камалып чыккан.
ӨКМ ал учурда тик учактар учпай тура берсе, белгилүү бир мөөнөтү өтүп кеткенден кийин учууга жараксыз болуп каларын, “Н -125 Airbus” тик учагын саатына 157 миң 662 сомго, “Н - 145 Airbus ” тик учагын саатына 262 миң 770 сом ижарага алса болот деген жүйө келтирген.
Ал эми учурда талкууга алынып жаткан окуя боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы үн ката элек. Бул окуя жарандардын бири соцтармактарга "Ажиев Петровкадагы абактын жанынан тик учакка түшүп, учуп кетти" деп тартып, жарыялаган видеосунан кийин маалым болду.
Интернет колдонуучуларынын арасында вебкам иши боюнча айыпталган Ажиевдин мунапыска илинип, Аскат Жетиген сыяктуу активист, журналисттер бейкүнөө абакта отурат деген сын-пикир да айтылып жатат.
Вебкам иши боюнча соттолгон Даниел Ажиевдин таржымалы
Вебкам иши боюнча тогуз жылга абакка кесилген Даниел Ажиев 36 жашта. Ал президент Садыр Жапаровдун ырайымы менен быйыл 17-февралда абактан чыккан.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 2024-жылдын 31-июлунда Даниел Ажиевди Кылмыш-жаза кодексинин 160 (“Сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөктөшүү”), 161 (“Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу”), 261 (“Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”) жана 215-беренелери (“Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү”) боюнча күнөөлүү деп таап, ага 220 миң сом айып салган. Сот анын мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга абакка кескен. Бул өкүмдү кийинки инстанциялар күчүндө калтырган.
Даниел Ажиевдин мамлекетке алынган мүлкүнүн жалпы баасы 262 миллион сомду түзгөн.
Аны менен кошо айыпталгандардын бирине 220 миң сом айып салынып, сегиз жылга эркинен ажыратуу чечими чыгып, төрт жылдык пробациялык мөөнөт менен бошотулган. Дагы бир шектүү кылмышка тиешеси жок болгону үчүн күнөөсүз деп табылган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2023-жылы июнда Даниел Ажиев жетектеген “трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюлганын” кабарлаган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал ээлик кылган үч чоң студияда тинтүү жүргүзүлүп, 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет-сайттарда) акчага интимдик кызмат көрсөтүү үчүн колдонулган 80 компьютер табылган.
Топтун мүчөлөрү чет мамлекеттерде да Даниел Ажиев түзгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, көп суммада киреше алып турганы жана ага кыздар тартылганы аныкталган. Атайын кызмат операторлор үч нөөмөт менен иштегенин, кызматкерлер болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамдан турганын кошумчалаган.
Ал 2023-жылы 31-майда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу издөө жарыяланып, УКМКнын өтүнүчү менен Өзбекстандан Бириккен Араб Эмирлигине (БАЭ) учууга аракет кылып жатканда кармалып, Кыргызстанга өткөрүлгөн.
Ажиевдин жубайына батир кантип кайтарылган?
Быйыл 19-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Ажиевдин жубайы Наргиза Ажиевага батирин кайтарып, автоунаа берген.
Наргиза Ажиева 29-июлда социалдык тармактардагы баракчаларынан президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, жолдошунун мамлекетке конфискацияланган турак жайлардын бирин жашоосу үчүн берүү маселесин карап чыгууну суранган.
Атайын кызмат анын оор илдетке чалдыккан баласы бар экени эске алынып, жаңы автоунаа да берилген деген маалымат тараткан.
Социалдык тармактарда учурда түрмөдөн тик учак менен чыккан кишинин жакындарына батири кандай негизде кайтарылган деп суроо салгандар да бар.