Аба ырайы: Айрым жерлерде жаан, кар жаайт

6-10-март күндөрү туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалар ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

7-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндуз 1…6.

Бишкекте түнкүсүн ала булут каптап турат, жаан-чачын жааш ыктымалы аз, күндүз жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман каптайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1°…+1°, күндүз 11…13° жылуу болот.

Дагы караңыз

ОшМУда Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жөнүндө талкуу өттү8-мартта Бишкекте жүрүш өткөрүү өтүнүчү президент Жапаровго жолдондуКыргызстан Нахчыванда ирандык дрондун кулашына байланыштуу бушаймандык билдирди Манаста сот алимент төлөбөй жүргөн жаранды эки жылга кести Үч жашка чейинки бардык балдарга мамлекеттик жөлөкпул берилет Президент Садыр Жапаров Ажиев тууралуу айтылган сындарга жооп берди