Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Интерполдун издөөсүндө болгон эки жаранды Польшага экстрадициялаганын билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 6-мартта маалымат таратты.
Экстрадицияланган чет өлкөлүктөрдү Польшанын соту адам өлтүрүүгө аракет кылуу, каракчылык, опузалап талап кылуу, сойкулукту уюштуруу, ошондой эле ири көлөмдөгү баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген куралдуу уюшкан кылмыштуу топтун ишмердигине байланыштуу бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп тапкан.
Кыргызстан менен Польшанын ортосунда соттолгондорду экстрадициялоо боюнча келишим бар. 2024-жылы Кыргызстанда карактоого шектелген жаранды Польшанын укук коргоо органдары кыргыз тарапка өткөрүп берген.
Расмий маалыматка караганда, 2025-жылы чет өлкөдөгү жабык жайлардан 234 жаран Кыргызстанга экстрадицияланган. Быйыл эки айда алардын саны 81 кишини түзгөн.