Ирандын президенти Масуд Пезешкиан бир нече өлкө жаңжалды жөнгө салуу үчүн ортомчулук аракеттерин баштаганын билдирди.
«Ачык айтып коёлу. Биз аймакта туруктуу тынчтык орношун каалайбыз, бирок өлкөбүздүн кадыр-баркын жана суверенитетин коргоодо эч кандай тартынбайбыз», — деп жазды ал 6-мартта X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.
Анын айтымында, ортомчулук аракеттери «бул жаңжалды тутандырган тараптарга» багытталышы керек.
Ал кайсы мамлекеттер ортомчу болууга аракет кылып жатканын тактаган жок.
Ал арада Израил Иранга соккулардын "жаңы толкунун" баштады. 6-мартка караган түнү баш калаа Тегеран катуу бомбалоого туш болду. Калаа тургундарынын айтымында, бул соңку бир жумадан берки эң ири аба чабуулу болуп калды.
Мунун алдында Израил армиясынын Башкы штабынын жетекчиси Иранга каршы аскердик операция жаңы баскычка өткөнүн билдирген.
Ошондой эле АКШнын бир катар расмий өкүлдөрү, анын ичинде коргоо министри Пит Хегсет, жакынкы күндөрү соккулардын күчү дагы өсүшү мүмкүн экенин эскертишкен.
Америка менен Израил Ирандагы аба чабуулдарын 28-февралда башташкан. Ошол эле күнкү соккуларда Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи жок кылынган. Аны менен бирге жогорку даражалуу расмий адамдар да өлтүрүлгөн.
Иран бийлиги буга жооп кылып Перс булуңундагы бир катар мамлекеттердеги аскердик базаларды жана башка инфраструктураны абадан аткылай баштаган.