Акцияга 100гө жакын адам катышты. Анын катышуучулары “Ак үйдө кыздар көбөйсүн!”, “Аял укугу – адам укугу”, “Күнөө сенде эмес”, “Кыйын кыздын кызымын”, “Кызга кырк үйдөн колдоо”, “Аялзатым, жаша!”, “Аял – жашоо, эркиндик”, “Кыздын үнү – анын укугу” жана башка чакырык-ураандар жазылган плакаттарды кармап жүрүштү.
Акцияны уюштургандар муну менен аялдардын укугун коргоону, гендердик теңчиликке коомчулуктун көңүлүн бурууну жана кыз-келиндердин үнүн угузууну көздөп жатканын билдиришти.
"Аял зомбулукка кабылганда коомдо, милицияда да "сен күнөөлүүсүң" деген сөздөр айтылат. Бул жабыркаган адамга басым болот. Ошондуктан биздин башкы талабыбыз — андай басымдарга жол бербөө. Социалдык тармактарда да "өзүң күнөөлүүсүң" деп чыгышат. Биз буга жол бербешибиз керек", - деди акциянын уюштуруучуларынын бири Айзирек Эркебаева.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкекте аялдарды коргоого чакырган акция өттү
Буга чейин уюштуруучулар Бишкекте Эл аралык аялдар күнүнө карата Тилектештик маршын өткөрүүгө уруксат берүүнү өтүнүп, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон.
Алар тынч жүрүштү Уркуя Салиеванын айкелинен Горький сейил багына чейин өткөрүү ниет кылышкан.
8-мартта жөө жүрүш өткөрүүгө уруксат берүү маселесин парламент трибунасынан Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева да көтөргөн. Ал калаа бийлигине жана укук тартибин коргоо органдарына кайрылып, кыз-келиндерге тилектештик билдирген иш-чара маанилүү экенин белгилеген.
Бийлик өкүлдөрү коопсуздукка байланыштуу деген жүйө менен жүрүшкө уруксат берген эмес. Горький атындагы сейил бактын ичинде гана акция өткөрүүгө уруксат берилген.
8-марттагы акция. Бишкек, 2026-жыл
Уюштуруучулардын бири Камила Усманова жүрүш менен коштолсо, акциянын максатын көбүрөөк адамга жеткирүүгө мүмкүн болмок деген пикирде:
“Марш деген бул жөн эле фестиваль эмес. Марш аркылуу биз үнүбүздү бийик көтөрүп, жүрүш аркылуу көйгөйдү көтөрүшүбүз керек. Марш — ошол акциянын маанилүү бөлүгү деп айтсак болот. Башкача айтканда, жүрүш менен көбүрөөк көңүл бурдуруу мүмкүн болмок”.
Аялдардын эл аралык күнүнө карата иш-чара Бишкекте бир нече жылдан бери уюштурулуп келатат.
Дагы караңыз "Элдин үнү угулбай калды". Митинг-пикеттерди чектөө мөөнөтү дагы узартылдыБылтыр өнөктүк “Жаша аялзаты, жаша!” деген ураан менен уюштурулуп, жүрүштүн катышуучулары эски аянттан Горький аянтына чейин басып барышкан.
Анда жүрүшкө 300дүн тегерегинде киши катышкан эле. Кыргызстанда соңку бир нече жылдан бери жарандык акция, митинг өткөрүү шарттары чектелип, ал чектөө соттун чечими менен улам узартылып келатат.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Түндө атып салам деп коркуткан". Жардам сураган кыз-келин кайда барат?
Аялдарды колдоо акциясына былтыр декабрда күйөөсүнүн колунан ажал тапкан Жибек Үрустемованын жана башка зомбулуктун курмандыгы болгон кыз-келиндердин жакындары, активисттер катышып, сөз сүйлөштү. Алар аялдардын укугун коргоого коомду чакырып жатышты.
“Мен эркектерден суранып кетет элем. Аялыңарды сабабай, зомбулук көрсөтпөй, ортодогу балдарды ойлогулачы. Балдар таптакыр жетим калып жатышат. Балдардын жүрөгүндө кандай так калып жатат? Суранам силерден, урматтуу мырзалар, кыргызымдын мырзалары. Зомбулукка каршы чыккыла. Жеке эле аялдар эмес, силер да өзүңөрдү тарбиялаңыздар. Мен бүгүн бул сөздөрдү эжем Жибектин сиңдиси катары айтып жатам. Биздин үй-бүлө өтө чоң жоготууга учурады. Башка үй-бүлөлөрдө мындай көрүнүш болбосун. Биз коомдо зомбулукка кабылган аялдарды айыптабай, аларды түшүнгөндү үйрөнүшүбүз керек”, - деди маркум Жибек Урустемованын сиңдиси Койсун Нурахмед кызы.
Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдырахматова камакта жаткан кыз-келиндер маселесин көтөрдү.
“Учурда Аранова жана Тажибек кызы абакта кармалып турат. Мен Аранованы өзгөчө белгилегим келет. Ал социалдык тармактагы пикири үчүн кармалып, абакка кесилип кеткен. Анын кичинекей кызы бар. Мыйзамда так көрсөтүлгөн: жаш балдары болсо, абакта кармоого болбойт. Анткени баласы 18 жашка толгонго чейин жазаны жылдыруу боюнча мыйзам каралган. Анын жалгыз бой эне экенин, жаш баласын эске албай камакта кармап жатышканы чоң суроо жаратат. Азыр биз дүйнө жүзүндө депутат айымдардын саны боюнча лидерликти алып жатабыз деп айтып жатышпайбы. Президент жакшы жарлык чыгарып, аялдарды парламентте көбөйттү — бул дурус. Бирок ошол башкарууда да аялдардын укуктары сакталышы керек”.
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева да тынчтык акциясына келип, бул майрамда аялдардын укуктарын эске салуу зарылдыгын белгиледи.
“Бул айымдардын майрамы деп эсептелген менен, майрам жүз жыл мурун тең укуктуулук үчүн күрөшкө чыккан айымдардын маршы менен башталган. Ошол марштан кийин саясий чөйрөдө көп нерселер өзгөрүп, тең укуктуулукка жол ачылган. Ошол күндөрдү эске салган дата деп ойлойм. Акыркы жылдары мамлекетибизде зордук-зомбулук абдан көбөйгөнүн эске салыш керек. Азыр бул кыздарыбыз да укуктарыбызды эске салалы, зордук-зомбулукка каршыбыз деген ниетте чыгып жатышат”.
Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун глобалдык индекси (WPS) боюнча Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган. Бул рейтингде 2023-жылы Кыргызстан 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Ал эми 2021-жылы талдоого алынган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунга түшкөн.
2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрь чейин) Кыргызстанда ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп.