Акыркы беш жылда Кыргызстанда 141 тонна алтын өндүрүлдү

Кумтөр алтын кенинен казылган алтын. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2021-2025-жыл ичинде 141 тонна алтын өндүрүлдү. Бул жылына орто эсеп менен 26 тоннадан алтын өндүрүлгөнүн көрсөтүп турганын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова билдирди.

Ал Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин 9-марттагы отурумунда берген маалыматында, 2020-жылы Кыргызстанда алтын кени жылына орточо 15 тоннадан казылып келген.

Раимкулованын сөзү боюнча, 2025-жылдын башына карата Кыргызстанда миң тоннага жакын алтын, 1196 тонна күмүш, 960 миң тонна жез, 1 млрд тоннадан ашуун көмүр кору бар. Мунун ичинде 367 тонна алтын зпасы Кумтөр алтын кенинде.

Ушул тапта жер казынасын пайдаланууга укук берген 2014 лицензия берилген, анын ичинде алтын казууга 204, металлдар 43, мунай жана газ 46 жана башкалар.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары белгилегендей, тоо-кен ишканаларынан акыркы беш жылда мамлекеттик бюджетке 317,9 млрд сомдон ашуун салык түшкөн.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо комитети бүгүнкү отурумунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2025-жылы аткарган иштери тууралуу маалыматын укту.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2025-жылы Кыргызстан чет өлкөлөргө жалпы суммасы 682,8 млн долларлык 6,2 тонна алтын экспорттогон. Ага ылайык, алтын эң көп - 3,9 тонна Швейцарияга сатылган. Улуу Британияга 2,1 тонна, Малайзияга 100 кг, Түркияга 10,6 кг, ал эми Кытайга 200 грамм сатылган.(ZKo)

Дагы караңыз

Депутат Сагынаев негативдүү жаӊылыктар боюнча ЖКда талкуу кылуу сунушун берди"Суу менен кошо баары кымбаттайт". Депутаттын элди дүрбөткөн мыйзамыРасмий Бишкек тараптарды Жакынкы Чыгышта ок атышууну токтууга чакырдыӨзбекстанда жазасын өтөп жаткан аялдар кесипке ээ болуу үчүн аралыктан окуй алышатУкраина Венгриядан "Ощадбанктын" акчасын жана алтынын кайтаруусун талап кылды