Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:55

Расмий Бишкек тараптарды Жакынкы Чыгышта ок атышууну токтууга чакырды

Бейрут шаары. Иран.
Бейрут шаары. Иран.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жакынкы Чыгышта чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, ок атышууну токтотуп, жаңжалды эл аралык укуктун талаптарына жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) уставына ылайык тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырды.

Бул тууралуу ал 7-мартта Стамбулда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин бейформал жыйынында айтты.

Министр андан тышкары Пакистан – Ооганстан чек арасындагы кырдаалга да токтолуп, аймактагы коопсуздук үчүн Ооганстандын өнүгүшү маанилүү экенин билдирди.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан сокку уруп жатат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG