Депутат Аманова чыгарылган китептердин 60-70% диний багытта экенин айтты

Салтанат Аманова.

Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова Кыргыз улуттук китеп палатасына шилтеме берип, Кыргызстанда басып чыгарылган китептердин дээрлик 60-70% диний багыттагы китептер экенин билдирди.

Бул тууралуу ал парламенттин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин 9-марттагы жыйынында айтты.

“Анда салттуу ислам дини боюнча маалыматтар чыгып атабы же ага туура келбеген маалыматтар барбы карап чыгуу зарыл”, - деди ал.

Салтанат Аманова өлкөдө улуттук басмакана ишканасын түзүп, ага менчик басмаканаларга мониторинг кылуу укугун берүүнү сунуштады.

Кыргыз улуттук китеп палатасы – өлкөдө басылып чыккан басылмалардын нускасын мамлекеттик каттоого алат. Адатта диний багыттагы китептер Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (ред: муфтият) уруксаты менен басылып чыгат. (BTo)

Дагы караңыз

Ырайым менен эркиндикке чыккан Даниел Ажиев эки айга камалдыАкыркы беш жылда Кыргызстанда 141 тонна алтын өндүрүлдүДепутат Сагынаев негативдүү жаӊылыктар боюнча ЖКда талкуу кылуу сунушун бердиРасмий Бишкек тараптарды Жакынкы Чыгышта ок атышууну токтууга чакырдыӨзбекстанда жазасын өтөп жаткан аялдар кесипке ээ болуу үчүн аралыктан окуй алышатУкраина Венгриядан "Ощадбанктын" акчасын жана алтынын кайтаруусун талап кылдыМожтаба Хаменеи Ирандын жогорку лидери болуп шайланды"Азаттыктын" каарманы, мугалим Мээрим Токоевага президенттин атынан белек тапшырылды