Президенттин Баткендеги мурдагы өкүлү айыл чарба министринин орун басары болду

Айбек Шаменов.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин эки орун басары - Жаныбек Керималиев менен Бектен Бекболотов кызматтан бошотулду. Министрликтин басма сөз кызматы тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун кабарлады.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун сунушу менен өкмөт башчы Айбек Шаменовду министрдин орун басары кылып дайындады.

Айбек Шаменов 2024-жылдын декабрь айында президенттин Баткен облусундагы өкүлү болуп дайындалып, бул кызматтан 2026-жылдын март айында алынган. Ал буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) антитеррордук борборунун директору да болуп иштеген. (BTo)

Дагы караңыз

Депутат Аманова чыгарылган китептердин 60-70% диний багытта экенин айттыЫрайым менен эркиндикке чыккан Даниел Ажиев эки айга камалдыАкыркы беш жылда Кыргызстанда 141 тонна алтын өндүрүлдүЖакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам умрага убактылуу чектөө киргизилдиДепутат Сагынаев негативдүү жаӊылыктар боюнча ЖКда талкуу кылуу сунушун бердиРасмий Бишкек тараптарды Жакынкы Чыгышта ок атышууну токтууга чакырдыӨзбекстанда жазасын өтөп жаткан аялдар кесипке ээ болуу үчүн аралыктан окуй алышатМожтаба Хаменеи Ирандын жогорку лидери болуп шайланды