Жогорку сот Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт айт десе" боюнча мурдагы өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 9-март күнү Жогорку сот Kloop media басылмасынын Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу тууралуу апелляциялык арызын карап, канааттандырган жок.

Басылманын адвокаты Нурбек Токтакуновдун маалыматына караганда, Жогорку соттун коллегиясы ишти өтө тездик менен карап, аталган басылманын материалдарын экстремисттик деп таануу тууралуу Октябрь райондук жана Бишкек шаар сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 27-октябрда Temirov Live, Kloop.kg жана “Айт Айт Десе” медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын жана бул долбоорлорго катышкан журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердигин экстремисттик деп тапкан.

Эми бул медиалардын материалдарына “жакты” белгисин басууга жана социалдык тармактарда бөлүшүүгө болбойт. Себеби, бул экстремисттик уюмду колдоо жана экстремисттик материалдарды жайылтуу деп саналышы мүмкүн.

Temirov Live жана “Айт Айт Десе” медиа-долбоорлорун иликтөөчү журналист Болот Темиров негиздеген. Ал өзү “Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган, документи жараксыз” деген соттун чечими менен 2022-жылы Орусияга мажбурлап чыгарылган. Болот Темиров өзү жетектеген медиаларга Кыргызстандагы коррупция боюнча иликтөөлөрдү байма-бай жарыялап келет.

Ал эми анын жубайы, медианын директору Махабат Тажибек кызы жана бул медиа менен кызматташкан 11 журналист, активисттер 2024-жылы январь айында кармалып, аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Кийин жетөө акталып, эки журналист абакка кесилсе, дагы экөө пробациялык сыноо менен бошотулган. Алардын арасынан алты жылга кесилген журналист Махабат Тажибек кызы ушул тапта абакта жатат.

Болот Темиров өзү жана кесиптештерине жасалып жаткан аракеттерди бийликтин куугунтугу катары санап, коррупциялык иштерди ашкере кылганы үчүн дал ушундай катаал мамилеге туш болгонун айтып келет. Бир нече эл аралык жана медиа уюмдар кыргыз бийлигинин Temirov Live жана “Айт Айт Десе” долбоорлоруна мамилесин айыпташкан.

2024-жылдын сентябрында “Клооптун” сайты Жогорку соттун чечими менен бөгөттөлгөн. Анын материалдары социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланууда. “Клооптун” негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин ушул тапта чет өлкөдө жашайт.

Быйыл 17-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Клооптун” мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду күнөөлүү деп таап, беш жылдан абакка кести. Андан тышкары басылманын эки эсепчисин да беш жылдан абакка кесип, үч жылдык пробация менен эркиндикте калтырган.

Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 28-майда “жапырт башаламандыкка чакырык жасоого тиешеси бар” деген негизде кармаган. Алардын үйүндө тинтүү жүрүп, техникасы алынып, өзүлөрү сурактан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Президент Садыр Жапаров “Клооп Медиа” фондун жоюу боюнча Жогорку соттун чечимине комментарий берип, мыйзамдуу экенин айткан. Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин да болгонун жана мындан ары да боло берерин белгилеген.(KS/ZKo)

Дагы караңыз

Ырайым менен эркиндикке чыккан Даниел Ажиев эки айга камалдыИран Израилге, Араб өлкөлөрүнө сокку урду. Дүйнөдө мунай кескин кымбаттады Президенттин Баткендеги мурдагы өкүлү айыл чарба министринин орун басары болдуДепутат Аманова чыгарылган китептердин 60-70% диний багытта экенин айттыАкыркы беш жылда Кыргызстанда 141 тонна алтын өндүрүлдү