Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:57

Президенттин Баткендеги мурдагы өкүлү айыл чарба министринин орун басары болду

Айбек Шаменов.
Айбек Шаменов.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин эки орун басары - Жаныбек Керималиев менен Бектен Бекболотов кызматтан бошотулду. Министрликтин басма сөз кызматы тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун кабарлады.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун сунушу менен өкмөт башчы Айбек Шаменовду министрдин орун басары кылып дайындады.

Айбек Шаменов 2024-жылдын декабрь айында президенттин Баткен облусундагы өкүлү болуп дайындалып, бул кызматтан 2026-жылдын март айында алынган. Ал буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) антитеррордук борборунун директору да болуп иштеген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG