Можтаба Хаменеи дайындалгандан кийин аны колдогондор жана каршылар Тегерандын көчөлөрүнө чыкты

Ирандын жаңы жогорку руханий лидери Можтаба Хаменеи.

Тегерандын айрым райондорунда Иран режиминин тарапкерлери Можтаба Хаменеи жогорку лидер болуп дайындалганы белгилүү болгондон кийин аны кубаттап жатышты. «Аллаху Акбар» деген кыйкырыктар үн күчөткүчтөр аркылуу жаңырып турганын журналисттер жазып чыгышты.

Ошол эле учурда Тегерандын Экбатан сыяктуу айрым райондорунда бул чечимге каршылар чыгып, алар «Можтабага өлүм!» деген сыяктуу ураандарды айтышты.

9-мартка караган түнү Иран бийлиги катаал позициясы менен белгилүү Можтаба Хаменеини атасы, маркум аятолла Али Хаменеинин ордуна жогорку лидер кылып дайындады.

Али Хаменеи 28-февралда АКШ менен Израилдин чабуулунда каза болгон. Ал соккуларда Можтабанын апасы жана аялынын да өмүрү кыйылган.

Можтаба Хаменеи Иран Ислам республикасынын 47 жылдык тарыхындагы үчүнчү жогорку лидер болуп калды.

Иран Можтаба Хаменеи жогорку лидер болуп дайындалгандан кийин Израилге жана Перс булуңундагы Араб өлкөлөрүнө ракета жана дрондор менен сокку урду.

Дагы караңыз

Можтаба Хаменеи Ирандын жогорку лидери болуп шайландыЖогорку сот Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт айт десе" боюнча мурдагы өкүмдү өзгөртүүсүз калтырдыПрезиденттин Баткендеги мурдагы өкүлү айыл чарба министринин орун басары болду