Жогорку Кеӊештин депутаты Куванычбек Конгантиев мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды. Боршайком бул маселени 10-марттагы отурумунда карайт.
45 жаштагы Куванычбек Конгантиев 2025-жылы ноябрда өткөн шайлоодо Бишкектеги №21 округдан парламентке депутат болуп шайланып келген. Кесиби боюнча юрист. Бишкек шаардык кеңешинин бир нече чакырылышына депутат болгон. Мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу.
9-мартта социалдык тармактарда Куванычбек Конгантиевдин 100дөн ашык мүлкү бар экени тууралуу видео жарыяланган. Анда ал Бишкек шаардык кеңешинде депутат болуп турганда борбордогу бир катар жерлерди ижарага алып, кийин менчикке чыгарып, көп кабаттуу үйлөрдү, ар кандай имараттарды салганы айтылат. Аларды апасына жана жакындарына каттатып койгону тууралуу сөз болот.
“Азаттык” бул видео боюнча комментарий алуу үчүн Куванычбек Конгантиевге байланышканда кийинчерээк телефон чалып коёрун айтып, ошол бойдон байланышка чыга элек. (BTo)