Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Борбордук мечит. Бишкек.

Быйылкы Орозо айт майрамы 20-мартка дал келет жана ушул күнү белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул чечим Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңешмесинде кабыл алынган.

Кыргызстанда Орозо айы 19-февралда башталган.

Отуз күндүк Орозо толук болбой, 29 күн кармалган учурлар болот. Диний аалымдар муну асмандагы Айдын көрүнүшүнө дал келүү менен байланыштырып келишет. (ZKo)

Дагы караңыз

Коргонбай уулу Шаирбек Ташиев менен казино боюнча сүйлөшкөнүн ырастадыОш мэриясы төрт муниципалдык ишкана күрөөдө экенин билдирдиӨкмөт бааларды туруктуу кармоонун ыкчам чараларын талкууладыОрус аскерлери Днепр жана Харьковго сокку урганда кеминде он киши жараат алдыӨКМ башчысы Урматбек Шамырканов пара алууга шектелип кызматынан бошотулду