Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Ош мэриясы төрт муниципалдык ишкана күрөөдө экенин билдирди

Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык мэриясы төрт муниципалдык ишкананы күрөөгө коюп, насыя алган. Мындай маалыматты мэриянын басма сөз катчысы Жылдызбек Болотбеков “Азаттыктын” аймактагы кабарчысына билдирди.

Болотбековдун сөзүнө караганда, Ош шаарындагы “Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты”, муниципалдык автотранспорт ишканасы, “Ошшаарсууканал” жана “Ош автобекети” муниципалдык ишканалары күрөөдө турат.

“Буга чейин эки ишкана айтылган эле. Негизи төрт ишкана, 2 миллиарддан ашуун, 3 миллиардга жакын суммага күрөөгө коюлган. Бул боюнча маалыматтар тастыкталды. Алынган каражат жол жана социалдык объектилердин курулушуна жумшалган”, - деди Болотбеков.

Басма сөз катчы ошондой эле, мэриянын имаратын оңдоп-түзөө жумуштары курулуш компания менен келишим болбогондуктан токтоп турганын да билдирди.

“Оңдоп-түзөө иштеринин токтоп калышынын себеби: мэрияга караштуу ишканалар менен ортодо эч кандай келишим түзүлгөн эмес. Курулуш башкармалыгы менен келишим түзүлүшү керек болчу. Ошонун кесепетинен жумуш токтоп, жүрбөй турат”.

Ош шаарынын мурдагы мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев “Азаттыкка” берген маегинде имараттын оңдоп-түзөө жумуштары болжолдуу 600 млн сомго бааланганын айткан. Ал ошондой эле, өзү иштеп турган учурда мэриянын карызы 12 млрд сомго жеткени тууралуу маалыматтарды четке кагып, шаардын карызы 2 млрд 300 млн сомдун тегерегинде экенин билдирген.

Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри болуп бир жылга жакын убакыт иштеди. 2026-жылы февраль айында президенттин буйругу менен кызматынан алынган. Анын ордуна Жанар Акаевбек дайындалган. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG