Орус армиясы 10-мартка караган түнү Украинанын аймагына 137 учкучсуз учак менен чабуул койгону, Днепр шаарында бери дегенде 10 киши, арасында бир өспүрүм жабыркаганы кабарланды. Днепропетровск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжанын маалыматы боюнча турак үйлөрдү өрт чалды.
Дүйшөмбү күнү кечинде Харьковдо дрон соккусунан сегиз киши жарадар болгонун жергиликтүү бийлик билдирди. Эртең менен ошол эле район аткыланганда эки киши жабыркады.
Херсон облусунда бир күндө орус аскерлеринин соккуларынан тогуз киши жараат алды. 10-мартта облус администрациясынын жетекчиси Александр Прокудин аймактын калк жашаган 35 пунктуна сокку урулганын, алты көп кабаттуу турак үй жана 14 жер там, административдик имараттар, чарба техникасы менен машиналар зыян тартканын билдирди.
Украинанын абадан коргонуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, шейшембиде эртең менен 122 учкучсуз учак атып түшүрүлдү.
Донецк облусундагы Славянск шаарына үч башкарылган авиабомба менен сокку урулганын шаардын башчысы Вадим Лях маалымдады. Натыйжада эки киши каза болду, 11и жабыркады, бери дегенде алты көп кабаттуу турак жай бүлүндү.
Славянск украин армиясынын көзөмөлүндөгү стратегиялык шаарлардын бири.
Шерине