Улуттук банк валюта базарына 140 млн доллар сатты

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 10-мартта жыл башталгандан бери төртүнчү жолу интервенция жасап, валюта базарына 140 млн доллар сатты. Өлкөнүн негизги банкы акыркы жолу 26-февралда базарга 162,56 миллион доллар чыгарган.

Улуттук банк 2025-жылы сегиз интервенция менен чыгып, валюта базарына жалпысынан 853 миллион доллар саткан.

Өлкөнүн негизги банкы доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенция жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)

Дагы караңыз

"Журналисттерди коргоо комитети" Жогорку соттун Тажибек кызы боюнча чечимин кубаттадыТокмоктун мурдагы мэри абактан чыгып, иш кайра кароо үчүн райондук сотко жөнөтүлдүОрусия "Медузанын" журналисти Дмитрий Кузнецти 2,5 жылга сыртынан соттодуЖакынкы Чыгыш: Ирандагы согуш жакында аяктайбы? Хегсет Иранга "эң катуу" соккулар урулуп жатканын билдирди