Бишкек–Ош жолунда жүк ташуучу унаага чектөө уланууда

Бишкек–Ош жолун тазалоо. 11-март, 2026-жыл.

Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдагандай, бүгүн, 11-март күнү өлкөдөгү негизги ашууларда кар жаап жатат. Буга байланыштуу Бишкек–Ош жолунун Төө-Ашуу ашуусу аркылуу жүк ташуучу унаалардын кыймылына 10-мартта киргизилген убактылуу чектөө алынган жок.

Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, бороон. Министрлик ошол эле учурда аталган ашуу аркылуу каттам ачык экенин кошумчалады.

Бардык унаа жолдордо жана ашууларда Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап иштеп жатышат.

10–15-март күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайынан улам Кыргызстандын тоолуу аймактарында, тоолуу жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталып турганы эскертилди. Айдоочуларга жолдогу тайгакты эске алуу менен унаалардын ортосунда кеминде 500 метр аралыкты сактоо зарыл экени эскертилди.(ZKo)

Дагы караңыз

Улуттук банк валюта базарына 140 млн доллар саттыТокмоктун мурдагы мэри абактан чыгып, иш кайра кароо үчүн райондук сотко жөнөтүлдү"Журналисттерди коргоо комитети" Жогорку соттун Тажибек кызы боюнча чечимин кубаттадыОрусия "Медузанын" журналисти Дмитрий Кузнецти 2,5 жылга сыртынан соттодуЖакынкы Чыгыш: Ирандагы согуш жакында аяктайбы?