Жогорку Кеӊештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев кармалды

Куванычбек Конгантиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 10-мартта мандатын тапшырган Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиевди кармады. Бул тууралуу 11-мартта “Азаттыкка” өздүк булактар билдирди. Кылмыш ишинин чоо-жайы боюнча азырынча маалымат жок.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-мартта өзү жазган арыздын негизинде Куванычбек Конгантиевди мандатынан ажыраткан.

45 жаштагы Куванычбек Конгантиев 2025-жылы ноябрда өткөн шайлоодо Бишкектеги №21 округдан парламентке депутат болуп шайланып келген. Ал мандатын эмне себептен тапшырганы боюнча комментарий бере элек. Куванычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин бир нече чакырылышына депутат болгон. Мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу.

9-мартта социалдык тармактарда Куванычбек Конгантиевдин 100дөн ашык мүлкү бар экени тууралуу видео жарыяланган. Анда ал Бишкек шаардык кеңешинде депутат болуп турганда борбордогу бир катар жерлерди ижарага алып, кийин менчикке чыгарып, көп кабаттуу үйлөрдү, ар кандай имараттарды салганы айтылат. Аларды апасына жана жакындарына каттатып койгону тууралуу сөз болот.

“Азаттык” бул видео боюнча комментарий алуу үчүн Куванычбек Конгантиевге байланышканда кийинчерээк телефон чалып коёрун айтып, ошол бойдон байланышка чыккан эмес.

Куванычбек Конгантиевдин ордуна №21 округдан эми Чыңгыз Айдарбеков депутат болуп келиши мүмкүн.

Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматынан бошоткондон бери Элдар Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу жана Кундузбек Сулайманов депутаттык мандатын тапшырышты. Жанарбек Акаев да мандатын тапшырып, Ош шаарына мэр болду. (BTo)

Дагы караңыз

Улуттук банк валюта базарына 140 млн доллар саттыТокмоктун мурдагы мэри абактан чыгып, иш кайра кароо үчүн райондук сотко жөнөтүлдү"Журналисттерди коргоо комитети" Жогорку соттун Тажибек кызы боюнча чечимин кубаттадыОрусия "Медузанын" журналисти Дмитрий Кузнецти 2,5 жылга сыртынан соттодуХегсет Иранга "эң катуу" соккулар урулуп жатканын билдирди