12-марттын аба ырайы: Айрым жерлерде кар жаайт

12-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз жаан-чачын жаабайт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндуз 0…-5

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13°, күндүз -1°…+1° болот.

Дагы караңыз

ТИМ: Жакынкы Чыгыштан кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда"Өлкөмө кайтcам деп күтөм". Израилдеги ирандык жөөттөрдүн үмүтү"Дагы эле тирүүсүңбү дешет". ВИЧ жуккан балдар, 20 жылдан берки азапДепутат Кожокулова сотторго басым кылбоого чакырды, президент ага жооп бердиПрезидент Жапаров Кыргызстанда митинг-пикеттерге тыюу жок экенин айтты