Бижан Бахордари Тел-Авивдеги тез татым кафесинин терезесине Израилдин жана Ирандын революцияга чейинки желектерин коюп койгон.
Эт менен толтурулган калемпир, күрүч, кызыл-тазыл соусту идишке салып, кардарды тейлегенден кийин ал туулуп-өскөн жери менен аны көп жылдан бери батырып жүргөн экинчи мекенинин ортосундагы согуш жөнүндөгү ойлору менен бөлүшүп отурду.
“Ирандыктар режимди төңкөрүшөт деп чын жүрөгүмөн каалайм, үмүттөнөм. Өлкөмө кайтып баруу мүмкүнчүлүгүн күтүп турам. Мен ал жакта 17 жыл жашагам, эс тартып калгам. Эртең менен телефонумду текшерип, радио, телевизордон жаңылыктарды кунт коюп угам”, - деди Бахордари.
Ал 1978-жылы өспүрүм кезинде сыртка саякатка чыккан маалда Иранда шах кулатылып, ислам жумурияты түптөлгөн. Бахордари ошондон бери мекенине кайтып барган жок.
Израилде ал орун-очок алып, үйлөнүп, эки балалуу болгон. 10 жылдан бери шаардагы Левински базарында кафе иштетет. Бул чөлкөмдө перс дүкөндөрү, башка майда бизнес жайлары көп.
Израилде болжол менен 250 миң ирандык жөөт жашайт. Алар өздөрү же ата-бабалары Иранда туулган. Бахордариден айырмаланып, көбү бул жерге Ислам революциясынан кийин көчүп барган.
Ошондой кишилердин бири, жаңгак, кургатылган жер-жемиш саткан дүкөндүн ээси өзүн Мейр деп тааныштырды. Ал Израилге 1979-жылы жер которгон. Азыркы согуш аралаш сезимдер менен катар үмүт пайда кылганын айтат:
“Кызык нерселер болуп атат. Бири-бирибизге чабуул коюп жатабыз. Бирок мунун бардыгы жакшы иш үчүн жасалууда. Ирандын эли азап чегүүдө. Алардын карөзгөй бийлиги Иранга гана эмес бүтүндөй дүйнөгө жаман нерселерди жасап атат”.
Мейр келечекке үмүт артканы менен катардагы ирандыктар арасында жоготуулар болушу мүмкүн, режимди алмаштыруу ири, күтүлбөгөн, зордукчул кесепеттерге алып келиши ыктымал деп чочулайт.
“Окуялар ушундай өнүксө, мен абдан капаланам. Мен гана эмес, дүйнөдөгү көптөгөн кишилер кайгырып калат. Биз социалдык тармактардан байланышып турабыз. Баарыбыз Кудайга жалынып, жакшылык тилеп жатабыз”.
Ирандыктардын диаспорасы байырлаган өлкөлөрдү тизмектеген Мейр: "Алар мурда өз оюн айткандан коркчу, азыр өздөрүн ишенимдүү сезип калышты, режимдин кулашын күтөбүз”, - деп кошумчалады.
Иранда жөөттөрдүн жамааты кала берүүдө. Ар кандай статистикада алардын саны бир нече миңден баштап, 10-20 миңге жетери айтылып жүрөт. 1979-жылга чейин жөөттөр мындан алда канча көп болчу.
Жөөттөрдүн көбү Ислам революциясынан кийин, жаңы бийлик Израилге каршы катаал позицияны ээлеп, мамлекеттүүлүгүн танганда сыртка качкан. 1979-жылы Тегерандагы жөөт жамаатынын көрүнктүү фигурасы Хабиб Элганяндын дарга асылышы жергиликтүү жөөттөрдү Израилге, башка өлкөлөргө, өзгөчө АКШга жапырт агылууга түрттү.
Ошол толкун менен жер которгондордун арасында Николанын үй-бүлөсү да бар болчу. Иерусалимде дарыгер болуп иштеген аял тогуз жашында ага бир күнү кечки саат 10до эртеси көчүп кетиш керек деп айтышканын эскерет. Ага өзү менен үч буюмду гана алууга уруксат берилген. Бирок апасы Иранда калууну чечкен.
Никола 77 жаштагы апасынын коопсуздугун ойлоп, үй-бүлөсүнүн аты-жөнүн кабарчыга бербөөнү оң көрдү.
“Бир көзүмөн жаш акса, экинчи көзүм кубанууда”, - деп айтат азыркы окуяларды сүрөттөгөн дарыгер.
Ал эми Тел-Авивдеги кафенин ээси Бахордари таанымал конокторунун, арасында израилдик белгилүү актерлор менен ырчылардын сүрөттөрүн сыймыктануу менен көргөзүп жатты. Дубалда Ирандын акыркы шахы менен анын жубайынын сүрөтү да илинип турат.
Көзүнө жаш алган Бахордари өз кыялы менен бөлүштү:
“Мен дагы бир чоң ресторан ачам. Иранда. Ал жерге Израилдин, Кошмо Штаттардын жана Ирандын желектерин, жанына шахтын сүрөтүн коем. Ал абдан өзгөчө учур болот".
Автор: Рэй Фёрлонг. Макаланын англис тилиндеги версиясын бул жерден окуй аласыз.
Шерине