Тегеран режими колдогон "Хезболла" тобунун согушкерлери түштүк Ливандан Израилдин түндүгүнө ракета жана дрондор менен чабуул койду. Баштапкы маалыматтар боюнча, 11-марттын кечиндеги аткылоодон эки адам жеңил жаракат алды.
Шаршембиде эртең менен Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги Израил Ливандын чыгышындагы "Хезболланын" негизги чептери жайгашкан Бекаа өрөөнүн аткылаганда жети киши мерт кетип, 23 киши жаракат алганын билдирген. Бул Израил армиясы(ЦАХАЛ) ошол айылдардын жана коңшулаш алты айылдын тургундарына эскертүү берип, аларды тезинен эвакуациялоого чакыргандан кийин болгон.
9-мартта ЦАХАЛ Ливандын түштүгүндөгү "Хезболла" тобуна каршы "жер үстүндөгү операциясын" "алдыңкы коргонуу позицияларын андан ары бекемдөө" жана Израилдин түндүгүндөгү элди коргоо максатында баштаганын билдирген. ЦАХАЛ маалымдагандай, аскерлер "террордук инфратүзүмдү аныктоо жана куралдуу түзүмдөрдү жок кылуу" менен алектенүүдө. Маалыматта айтылгандай, "аскерлер киргенге чейин ок атуучу курал менен көптөгөн террористтик буталарга абадан да, жерден да сокку урулган".
Өткөн аптада Тегеран режими колдогон "Хезболла" Израилге ракета менен дрон ата баштаганда ЦАХАЛ алардын Ливандагы буталарын бомбалоого киришкен.