АКШдан депортацияланган орусиялыктардын кезектеги тобу Молдовада калганын "Агентство" басылмасы Russian America for Democracy in Russia уюмунун президенти Дмитрий Валуевге шилтеме берип жазды.
Ага ылайык, бир күн мурун АКШдан Албанияга учуп чыккан чартердик учак шейшембиде Тиранага (Албаниянын борбору) конгон, андан ары Бухарестке, андан кийин түндө Кишиневге конгон. Депортациялык учак Молдовадан Өзбекстанга, андан Тажикстанга кетмек, бирок учактагы орусиялыктар Кишиневдон түшүп калышкан.
Валуев депортацияланган орусиялыктардын кимисине Орусияга кирүүгө тыюу салынганы тууралуу маалыматы жоктугун белгиледи. Анын сөзүнө караганда, орусиялык жарандар Молдовада 90 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. "Алар кечээ бир түнгө жайгашты, андан ары эмне кылышты чечишет", - деди укук коргоочу.
Депортациялангандардын бирине укук коргоочулар Франциянын гуманитардык визасын алуусуна көмөктөшүүдө, анткени ага Орусияда саясий кылмыш иши козголгонун Валуев белгиледи. Мурдараак ал АКШдан чыгарылгандардын арасында 2018-жылкы "Мөөнөтсүз каршылык" акциясынын уюштуруучуларынын бири Владислав Краснов бар экенин билдирген.
Орусиялыктарды жапырт чыгарууну Вашингтон былтыр июнда баштап, августта, декабрда жана январда уланткан. Акыркысында депортацияланган жарандар Орусияга жеткирилген, аларды ФСБнын кызматкерлери күтүп алган. Айрым эркектерге аскердик комиссариатка чакыруу тапшырылган.
АКШдан депортацияланган орусиялыктардын кеминде экөө - мурдагы аскер кызматкери Артем Вовченко жана согушка каршы чыккан активист Леонид Мелехин учуп келери менен кылмыш иштери боюнча камакка алынган.
Жалпысынан АКШ жана Евробиримдик өлкөлөрүнөн саясий башпаанек берүүдөн баш тартылып, депортацияланган кеминде төрт киши Орусияда камалган.
АКШ бийлигине Дональд Трамптын администрациясы келгенден бери өлкөдөн мыйзамсыз мигранттарды жана башпаанек сураган арызы четке кагылгандарды чыгаруу көбөйдү.
Былтыр сентябрда орусиялык оппозициячылар Владимир Кара-Мурза, Юлия Навальная жана Илья Яшин Канаданын премьер-министри Марк Карниден АКШда миграция саясаты катаалдашканына байланыштуу депортациялануу коркунучу турган Орусиянын оппозициялык маанайдагы жарандарын кабыл алууну өтүнүп, кайрылышкан. Укук коргоочулардын пикиринде, АКШда башпаанек алуу кырдаалы быйыл деле жакшырып кетпейт. Башпаанек сурагандарга Чехия, Болгария, Швеция, Хорватия, Нидерланд жана АКШдан оолак болуу сунушталууда.
2025-жылдын июлунан тартып Германия да саясий негизде куугунтукка алынгандарга гуманитардык виза берүүнү токтоткон.
10-февралда бүтүндөй Европарламент "коопсуз үчүнчү өлкөлөр" түшүнүгүн киргизүү менен башпаанек сурагандарды депортациялоону жөнөкөйлөштүрдү. Эми Евробиримдиктеги ар бир мамлекет мындай өлкөлөрдүн тизмесин өзүнчө аныктай алат, алар менен келишим түзүп, башпаанек сурагандарды ал өлкөлөргө эч качан барбаса дагы, депортациялоого укуктуу.