ИИМдин жетекчилиги журналист Арстанбековага козголгон иш боюнча комментарий берди

Алтынай Арстанбекова. ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев журналист Алтынай Арстанбекова социалдык тармактарда эки фейк баракча ачып иштеткен деп шек саналып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеӊештин 12-марттагы отурумунда айтты.

“Мамлекетти, жогорку кызматта иштеген адамдарды жамандаган фактылар боюнча иштерди алып барабыз. Кечээ кармалган аял да эки аккаунт ачып алып мамлекетти каралаган фактылар боюнча кармалды”, - деди ал.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 9-мартта социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында Фейсбукта Даниэль Жоошбаев аттуу аккаунттун колдонуучусу бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган материалдарды жарыяланганы аныкталганын билдирген. Ал баракчаны Алтынай Арстанбекова иштетип келгени аныкталганы айтылган.

Бул факты боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси менен кылмыш ишин ачкан.

ИИМ билдиргендей, 10-мартта Арстанбекованын үйү тинтилип, уюлдук телефондор, планшеттер, ноутбуктар, видеокамера, документтер алынган. 11-мартта журналист Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө иштери уланууда.

Фейсбукта Даниэль Жоошбаев деген адамдын аты менен ачылган баракчадан бийликти сындаган, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди колдогон постторду көрүүгө болот.

Алтынай Арстанбекова буга чейин Next TV телеканалында иштеген. Акыркы жылдары эркин журналист экенин айтып, Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындап келаткан. Анын адвокаты жана жакындары козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Былтыр Кыргызстанда адамдар интернет шылуундарга 826 млн сом алдаткан"Хезболла" Израилдин түндүгүн аткылады"Бир дүйнө–Кыргызстан" уюму балдардын сырттан диний билим алуусун тыюу мыйзамына каршы чыктыАКШда Путиндин атайын өкүлү баштаган делегация менен жолугушуу өттү34 айылды бийик тоолуу аймактар тизмесинен чыгаруу сунушталдыЖК Боршайкомдун мүчөлөрүнүн санын кыскартууну 1-окууда колдодуМилиционерди уруп, көзүн жабыркатууга шектелген жаран кармалды Бишкекте коомдук ашканадан уулангандар саны 20га жетти, бирөө реанимациядаЧүйдө күйөөсүн өлтүргөн деген шек менен 58 жаштагы аял кармалдыКудрет Тайчабаровдун иши тергелип бүтүп, сотко өттү