Митинг-пикеттерди жергиликтүү бийлик аныктаган гана жерде өткөрүү сунушталды

Бишкектеги сөз эркиндигине байланыштуу өткөн митинг. (Архивдик сүрөт)

Жогорку Кеӊештин депутаты Кубанычбек Самаков Кыргызстанда митинг-пикеттер менен тынч жыйындарды атайын бөлүнгөн гана жерде өткөрүп, ал аймакты белгилөө укугун жергиликтүү бийликке берүүнү сунуштады. Депутат иштеп чыккан мыйзам долбоору 12-мартта коомдук талкууга коюлду.

Азыр иштеп жаткан “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамга ылайык, коркунучтуу жана зыяндуу өндүрүш объекттерине, электр станцияларына, темир жолдорго, мунай түтүктөрүнө жана жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын алдына, ооруканаларга, мектеп жана бала бакчаларга жакын (100 метрден кем эмес) жерлерде митинг-пикет өткөрүүгө болбойт.

Бул талап сакталган учурда өлкөнүн бардык аймагында тынч чогулуштарды өткөрө берсе болот. Мындай иш-чараларды өткөрүүгө негиздүү себептер болгондо сот гана тыюу сала алат.

Кубанычбек Самаков эми митинг-пикеттерди жергиликтүү бийлик аныктаган гана аймактарда өткөрүү талабын киргизүүнү сунуштап жатат.

Документтин маалымкат-негиздемесинде бул мыйзам долбоору митингдерге жана чогулуштарга катышпаган адамдардын укугун сыйлоо, коомдук тартипти жана башка жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын коргоо, адамдардын мүлкүн сактоо максатында иштелип чыкканы айтылат. Андан тышкары 2020-2023-жылдары өлкөдө 3740 митинг жана нааразычылык акциялары болгону, анын ичинен 1727и Бишкек шаарында өткөнү жазылган.

Конституцияда адамдар тынч жыйындарга чогулууга укугу бар экени так белгиленген.

Бишкектин Биринчи май районунун аймагында митинг-пикет өткөрүүгө салынган чектөөнүн мөөнөтү утур-утур узартылып, шаардын негизги аянттарында акция өткөрүүгө тыюу салынганына 2026-жылы төрт жыл болду.

Президент Садыр Жапаров 11-мартта Жогорку Кеӊеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып сот, прокуратура жана башка жерлердин алдында гана акцияларды өткөрүүгө тыюу салынганын, Бишкектеги Горький бакчасында кенен өткөрө берүүгө болорун айтты. (BTo)

Дагы караңыз

"Крокус" иши: Москва соту жалпы 15 кишини өмүр бою эркинен ажыраттыЖурналист Алтынай Арстанбекова эки айга тергөө абагына камакка алындыКыргызстандын аймактарында көчмө диагностикалык комплекс иштеп жататИрак Ирандын танкерлерге чабуулунан кийин мунай терминалдарынын ишин токтотту Былтыр Кыргызстанда адамдар интернет шылуундарга 826 млн сом алдатканУкраинада дрон соккусунан 15 жаштагы кыз, Орусияда айдоочу каза болгону кабарланды"Хезболла" Израилдин түндүгүн аткылады"Бир дүйнө–Кыргызстан" уюму балдардын сырттан диний билим алуусун тыюу мыйзамына каршы чыкты