Соцтармактарда фейк аккаунт аркылуу бийлик башындагыларды жамандаган постторду жазууга шектелип кармалган журналист Алтынай Арстанбекова эки айга тергөө абагына камалды. Чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-мартта чыгарганын 12-мартта аталган соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" тастыктады.
Журналист 9-майга чейинки убакытка тергөө абагына киргизилди.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) 9-мартта социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында Фейсбукта Даниэль Жоошбаев деген аккаунттун колдонуучусу бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган материалдарды жарыялап жүргөнү аныкталганын билдирген. Ал баракчаны журналист Алтынай Арстанбекова иштетип келгени аныкталганы айтылган.
Бул факты боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен кылмыш ишин козгогон.
Милициянын маалыматына караганда, 10-мартта Арстанбекованын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, уюлдук телефондор, планшеттер, ноутбуктар, видеокамера, документтер алынган. 11-мартта журналист Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.
Фейсбукта Даниэль Жоошбаев деген ат менен ачылган баракчадан бийликти сындаган, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди колдогон постторду көрүүгө болот.
Алтынай Арстанбекова буга чейин Next TV телеканалында иштеген. Акыркы жылдары эркин журналист экенин айтып, Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындап келаткан.
Анын адвокаты жана жакындары козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек. (ZKo)
Шерине