Ирактын Күрдстан аймагында дрон соккусунан франциялык бир жоокер набыт болду

Пешмерга күчтөрүнүн мүчөсү. Ирактын Күрдстан аймагы. Архив

Ирактын Күрдстан аймагындагы Эрбил шаарына жакын жерде дрон соккусунан франциялык бир жоокер окко учту жана кеминде бешөө жарадар болду. Бул тууралуу 13-мартта эртең менен Франциянын аскер өкүлдөрү билдиришти.

АФП агенттиги ошол адамдарга шилтеме менен маалымдагандай, аскерлер “ирактык өнөктөштөр менен терроризмге каршы аракеттерге машыгып жаткан”. Алар Күрд армиясы же Ирактын куралдуу күчтөрү менен иштеп жатканбы, белгисиз.

Пилотсуз учак кайдан учурулганы да беймаалым. Кабарларга ылайык, анын жуп алдында италиялык базага дрон тийгени маалымдалып, бирок жабыркагандар тууралуу айтылган жок.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон “биздин күчтөргө сокку уруу кабыл алынгыс” деп билдирди жана курман болгон жоокер Арно Фрион аттуу улук прапорщик экенин айтты.

Француз армиясынын өкүлдөрү жараат алгандар ооруканга жеткирилгенин маалымдап, алардын абалы тууралуу эч нерсе айтышкан жок.

Ирактык күрддөрдүн Пешмерга күчтөрү өлкөнүн түндүгүндө, жарым-жартылай автономдуу Күрдстан аймагында орун алган.

Франция Ирактагы күрддөр менен жакын мамилени сактап келет. 2014-жылы “Ислам мамлекети” террордук тобу менен күрөштүн алкагында жүздөгөн жоокерин жайгаштырган. Ошол жактагы америкалык база АКШ менен Израил Иранга каршы операция баштагандан бери чабуулга туш болгон.

Дагы караңыз

"Козу ылаңдап өлүп жатат". Элетте эпизоотиялык абал кандай?АКШ орусиялык мунайды сатууга убактылуу уруксат бердиТынч жыйынга чогулуу укугун коргоо акциясы алдында үч киши милицияга жеткирилди