Кошмо Штаттар үчүнчү өлкөлөргө орусиялык чийки кара майды жана мунай продукциясын сатып алууга убактылуу уруксат берди. Маалыматка караганда, 12-мартка чейин танкерлерге жүктөлгөн мунайды 11-апрелге чейин жеткирип турса болот. АКШнын финансы министри Скотт Бессент бул кадамды дүйнөлүк энергетикалык рынокту стабилдештирүү зарылдыгы менен түшүндүрдү.
Сөз болгон чийки кара майды жана мунай продукциясын чыгарган компанияларга буга чейин санкция салынганы белгиленет. Бирок убактылуу уруксат Иранга же ирандык товарларга жана кызматтарга байланышкан операцияларга берилбейт.
Бессент бул кыска мөөнөттүү чара орус өкмөтүнө сезилерлик финансылык пайда алып келбейт деп эсептейт.
Орусия президентинин атайын өкүлү, Тикелей инвестициялар фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриевдин айтымында, чект 100 миллион баррел мунайдан алынмакчы.
Ал «энергетикалык кризис курчуган сайын Брюсселдеги бюрократиянын каршылыгына карабай орусиялык мунай менен газга киргизилген санкцияларды жумшартуудан башка жол жок» деген пикирин кошумчалады.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен сүйлөшкөндө «Ормуз кысыгындагы кырдаал турукташканга чейин» чектөөлөрдү жумшартуу пландалганын билдирген.
Рейтер агенттиги орус мунайын сатууга уруксат берүү жарыялангандан кийин Азияда мунайдын баасы бир аз төмөндөгөнүн жазды.
Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери маанилүү Ормуз кысыгы бөгөттөлүп, кара майдын дүйнөлүк баасы кескин көтөрүлүп кеткен.
Ал арада Британия орусиялык мунайга салынган санкцияларды убактылуу алуу ниети жоктунун билдирди.
Шерине