Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:34

"Козу ылаңдап өлүп жатат". Элетте эпизоотиялык абал кандай?

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку кезде малдын белгисиз ылаңы жайылганы айтылууда. Вотсап тайпаларда фермерлер малды сакайтуу үчүн бири-биринен кеп-кеңеш сураганын көрүүгө болот. Коңшу Казакстанда жана Орусияда дагы мал ылаңы жайылганы тууралуу маалыматтар чыгууда. Учурда өлкөдөгү эпизоотиялык абал кандай?

Ветеринарлар малды эмдеп же дарылап жетишип жатабы? Бул боюнча Айыл чарба министрлигинин алдындагы Эпизоотияга каршы көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Абай Казаков жооп бермекчи.

- Абай мырза саламатсызбы? Жакындан тарта Кыргызстандын аймагында мал ылаңдап жатканы тууралуу кабарлар чыгууда. Эл арасында дагы ар кандай видеолорду тарап жатат. Эки-үч күн мурда депутат Дастан Бекешев дагы парламентте бул тууралуу айтып чыкты. Учурдагы эпизоотиялык абал кандай?

Абай Казаков.
Абай Казаков.

- Саламатсызбы? Бүгүнкү күндө эпизоотиялык абал ветеринарлык кызматтын, тиешелүү адистердин көзөмөлүндө. Тийиштүү иш-чаралар жүрүп жатат. Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн маселе лабораториялык жактан расмий такталган жок. Ылаңдын клиникалык белгилери окшош чыккан учурларда биздин адистер барып жатат.

- Дастан Бекешев үй-бүлөсүнө "эт сатып алууга тыюу салганын" айтып жатат. Ага министрлик жооп катары өлкөдө кооптуу ылаң жоктугун айтууда. Негизи эле ылаңдаган малдын эти базарда сатылып кетиши мүмкүнбү?

- Бизде малга вакцина эки жолу жаз анан күз айларында сайылып турат. Эмдөө алган малды дароо сойгонго болбойт. Ал эми базарда сатылган ар бир эт ветеринардык кызматтын көзөмөлүндө турат. Өтө арык, ылаңдаган малды союп, сатууга уруксат да берилбейт. Мал ээси сойгонго чейин эле жеке ветеринарга кайрылып, клиникалык кароодон өткөрүүгө тийиш. Ал форма №1а деген коштомо документ жазып берет. Касапканага келгенде ал жердин ветеринар адиси ошол документке карайт, малды кайра текшерүүдөн өткөрөт, температурасын ченеп, анан гана сойгонго уруксат берет. Мал союлгандан кийин ветеринар ички органдарын, этин карайт дагы "текшерүүдөн өттү" деген мөөр басат. Анан форма №2а жазып берет. Бул ошол ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториясына жолдомо десек болот. Мал ээси ошол маалымкат менен локалдык аныктоочу түйүнгө (ЛВС) келет. Ошол жердин ветеринар адиси ички органдардан жана эттен үлгүлөрдү алып, дагы экспертиза жүргүзөт. Анын жыйынтыгынын негизинде протокол чыгарып, этке сүйрү мөөрдү басат. Ушундай текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин гана сатууга уруксат берилет. Базарда изилдөө протоколу QR-код менен илинип турат. Кардар аны сканерлегенде мал кайда багылып, кандай текшерүүдөн өткөнү, вакцина алганбы же жокпу бардык маалымат чыгып калат.

- Өткөндө социалдык медианын колдонуучулары белгилүү эле фирманын сүт азыктары дүкөндүн текчелеринен жоголуп кеткенин жазышты. Ветеринардык кызматка чалсак, "эмделген уйду 21 күнгө чейин сааганга болбойт" деп айтышты да.

- Жана айтып кетпедимби. Эмдөө иштеринен кийин, дарынын организмден чыга турган мөөнөтү болот. Ага жеткирбей саай турган болсок, сүттөн дары чыгып калат. Ошол себептүү, фирма өз азыктарын сатыкка чыгарбай турушу мүмкүн.

- Негизи быйыл малды эмдөө үчүн республикалык бюджеттен канча каражат бөлүндү?

- 2026-жылга биокаражаттарды сатып алууга 135,6 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө эмдөөлөр жүрүп жатат. Эмдөө малдын жашына, түрүнө, вакцинанын схемасына жараша жүрөт. Мамлекет вакцинаны акысыз берет. Төрт түлүктү дарылаган адистин акысын мал ээси өзү төлөйт. Азыр да адистер жеринде иш-чараларды жүргүзүп, кан ж.б. үлгүлөрдү алууда. Биз алар менен келишим түзүп, ошого жараша аймактарды бөлүп беребиз. Жеке ветеринар адистерге биокаражаттарды сактоо үчүн муздаткычтарды, керектүү хирургиялык, акушердик шаймандарды бергенбиз. Жабдыктарды жаңылап туруу пландарыбыз дагы бар.

- Маалыматтарды карасам, Азербайжанда жыл соңунда шарп ылаңы жайылып кеткен экен. Өлкөнүн расмий органдары ылаң аларга Түркия жана Ирактан өткөнүн айтышыптыр. Бизде Азербайжан менен мал же эт экспорту жокпу?

- Шарп - бул ача туяктуу малды жабыркаткан вирустук ылаң. Анын негизги жети тиби жана бир канча варианты бар. Анын SAT-1 түрү чыгыш өлкөлөрүндө мурда эле катталган. 2022-2023-жылдары Түркия республикасына жеткен. Былтыр октябрда Азербайжанга келди. Жаныбарлардын саламаттыгын сактоо боюнча бүткүл дүйнөлүк уюм бар. Ылаң чыкканда дароо ошол жакка маалымат берүү керек. Андан тышкары ЕАЭБга кирген өлкөлөр үчүн 317-чечим кабыл алынган. Ага ылайык, шарп чыккан өлкөдөн тирүү малды, эт жана сүт азыктарын Кыргызстандын аймагына киргизбөө боюнча ветеринардык-санитардык чектөөлөр коюлат.

- ЕАЭБ өлкөсүнө кирген Орусиянын бир катар аймактарында, Казакстанда бодо мал ылаңдап жатканын окуп жатабыз. Айрым жерлерге карантин дагы кирген экен. Орусиянын ветеринарлары пастереллез десе, Казакстан ринотрахеит ылаңы катталганын айтууда. Алар менен соода болуп жатат да?

- ЕАЭБ ичинде эпизоотиялык жактан туруктуу аймактан гана таза мал-жандык же эт азыктары кирет. Экспортко чыгардан мурда дагы, кийин дагы карантинге коюлуп, лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлөт. Акыркы убактарда ал жактан мал кирген жок. Пастереллез - бул бактериялык ылаң. Ар бир өлкөнүн өзүнүн ветеринардык талаптары болот. Ошого ылайык, алдын ала эмдөө жүргүзүлөт. Эгер бул ылаң малга жукса, ветеринардык-санитардык эрежелерге ылайык, зыянсыздандырылат, тарпы көмүлөт же өрттөлөт. Карантиндик чектөө учурунда эмдөө менен ылаңды алдын алса болот.

- Ал эми Казакстанда катталган ринотрахеитчи, ал эмне болгон ылаң?

- Бизде ринотрахеит катталган жок. Жанагыдай эле сырттан келген мал биринчи экспорттогон өлкөнүн өзүндө, анан кирген өлкөдө карантинге алынат. Ошол маалда лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, дени сак экени аныкталган учурда гана пайдаланууга берилет.

- Негизи эле бизде малдын ылаңын аныктай турган канча лаборатория иштейт?

- Кыргызстан боюнча 19 ветеринардык лаборатория бар. Кээ бир райондордо алардын филиалдары ачылган. Диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө керектүү каражаттар жетиштүү.

- Мисалы, бир кишинин ую ылаңдап өлдү дейли. Ал эмне кылышы керек? Бизде ылаңдаган этти кызыл батырыш деп элге таратып жиберген учурлар болгон да.

- Негизи малда кандайдыр бир өзгөрүү болуп, тыпырчыласа дароо ветеринар адиске кайрылуу керек. Себеби, ылаң жугуп же ууланып жатабы, же мык жутуп алдыбы ветеринар адис аныкташы керек. Ал жеринен кароо жүргүзүп, кан үлгүсүн болобу же ички органдардан болобу лабораториялык изилдөөлөр үчүн алат. Ошонун жыйынтыгы менен кийинки иш-чаралар жүрөт. Мал ээлери күмөндүү жагдайларда өзүм билемдик кылбай, ветеринар адистер менен кеңешип, иш кылууга тийиш. Азыр жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жугуштуу зооноздук оорулар, аларды алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иш-чаралары жүрүп жатат.

- Биздин элдин арасында көтөрүм болуп же ылаңдаган мал колбаса жасоочу цехке өткөрүлөт деп коюшат да. Ошол сөз чынбы?

- Бул барып-келип эле азык-түлүк коопсуздугу да. Анан калса биздеги эт азыктарын өндүргөн ишканалар экспортко чыгып жатышат. Андай учурда ишкана өздөрүнүн кадыр-баркын жоготкусу келбейт. Демек, малды талапка ылайык бардык текшерүүдөн өткөрүп анан алат. Документтерине карайт.

- Ошондой болсо да мал ылаңдап, өлгөн учурда эмне кылыш керек? Талаага таштап же көөмп койгон кооптуу эмеспи. Тарпты чөө же жолбун ит-мышыктар жейт да. Былтыр Айыл чарба министрлиги ар бир айылда Беккари чуңкуру болсун деген талап коюп жатпайт беле?

- Бул боюнча жергиликтүү өзүн өзүнүн башкаруу органдары менен тыгыз иштеп жатабыз. Бүгүнкү күндө биотермикалык Беккари чуңкурлары орнотулууда. Кээ бир айыл өкмөттөр крематорий алышууда. Мал союлганда ылаңга күмөн саналса же жабыркаган органдары болсо дароо Беккариге таштап, анын үстүн толтурбастан өрттөп да жатышат.

- WhatsApp тайпалардан уйдан башка кой арасында да ылаң чыгып жатканын окуп калабыз. Айрыкча жаш козулардын дене табы көтөрүлүп, бат эле өлүп калганын жазышууда. Бул эмне болгон ылаң экени аныкталдыбы?

- Азыр эми туут маалы да. Мындай учурда малдын иммунитети түшөт. Жаш козунун өзү алсыз, иммунитети чабал болот. Сиз айткан ылаңды койдун ак булчуң оорусу деп коет, организмде селен жана Е витамини жетпеген учурда келип чыгат. Азыркы клиникалык белгилер ошол ылаңга окшош болууда. Учурда биздин ветеринардык тармактын экспертиза борборлоруна материалдар тапшырылды, изилдөөлөр жүрүп жатат.

- Чек арага чектеш аймактарда базарлар бар да. Ал жактан ылаңдаган мал кирбеш үчүн кандай иш-аракеттер жүрүп жатат?

- Мал базарларды көзөмөлдөө боюнча ветеринарлык кызматтын адистери жеринде иш алып барып жатат. Сатыла турган мал базарга дени сак экенин ырастаган коштомо документтер менен гана киргизилсин деп жатабыз. Андан тышкары клиникалык кароолор жүрүп жатат. Базар тарагандан кийин мал кирген аймакта механикалык тазалоо, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилген, алар аткырылып жатат. Чек арадагы ички-тышкы ветеринардык өткөрмө пункттары дагы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кандайдыр бир күмөн саноого себеп болсо, артка кайтаруу иштери да жүрүп жатат.

- Адистер малдын туягын көбөйтүү ордуна сапатын жакшыртуу керек деп жүрүшөт. Ошондо гана аны көптөгөн ылаңдан сактап, жайыттарды сактоого шарт түзүлөт дешет го.

- Мамлекет малдын асылдуулугун жогорулатуу боюнча иштеп жатат. Жасалма уруктандырууну жүргүзө турган ветеринар адистер окутулуп, керектүү шаймандарды алып бердик. Фермерлерге урук бекер берилет. Андан тышкары малды туура багуу боюнча түшүндүрүү иштери эл арасында же социалдык тармактагы баракчалар аркылуу байма-бай жүргүзүлүп турат.

- Бизде мал көп учурда талаада жайылып жүрөт да. Ылаң басаңдагандан кийин жайыттар дезинфекция болобу?

- Бизде Сибирь жарасынын очоктору бар. Жазында, күзүндө, топурактан үлгү алынып текшерилет. Ошого жараша дезинфекция дагы жүрөт. Андан кийин дезинфекция кандай жүргөнүн билүү максатында дагы лабораториялык изилдөө жүрөт.

- Малдын айрым ылаңдары кишиге да жугат тура. Ошол эле бурцеллез, кургак учук, шарп же лейкоз ж.б. дегендей...

- Биз жыл сайын үй канаттууларына жана саан уйларга кургак учук (туберкулез) бар-жогун аныктоо үчүн аллергиялык диагностикалык изилдөө жүргүзүп турабыз. Кандайдыр бир күмөндүү учурларда малды өзүнчө карантинге бөлүп, кан үлгүлөрү алынып, серологиялык изилдөөлөр жүрөт. Бирок азырынча бизде малдын кургак учугу каттала элек. Бурцеллезге карата да талап ошондой, малдын кайсы бир түрлөрү милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтүп турат. Эгер ылаң аныктала турган болсо, талапка ылайык жок кылынат. Ал эми лейкоздон көбүнчө саан уйлар көбүрөөк жабыркайт. Бул ылаң боюнча дагы бизде пландык текшерүүлөр жүрүп турат.

Шерине

XS
SM
MD
LG