Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Талас: күйдүргүдөн улам эки айыл карантинге алынды


Ош шаарындагы ооруканалардын бири. Күйдүргү жуккан бейтап. Архивдик сүрөт.
Ош шаарындагы ооруканалардын бири. Күйдүргү жуккан бейтап. Архивдик сүрөт.

Таластын Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылынан сибирь жарасы жуккан деген шек менен төрт киши ооруканага түшүп, 53 адам көзөмөлдө турат. Айыл 1-августка чейин карантинге алынып, мал алып чыгууга, алып кирүүгө жана союуга тыюу салынды.

Айыл тургундары күйдүргү уйдун этинен жугушу ыктымал деп шек санап жатышат. Анткени жайлоого чыккан ую мал болбосуна көзү жеткен ээси союп, этин он түтүн бөлүп алган. Ооруканага түшкөндөр ошол үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү экени белгилүү болду.

Кара-Буура районунун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы дарыгери Элина Качыбекова күйдүргү жугузуп алышы мүмкүн экени айтылган адамдардын абалы тууралуу буларды айтты.

Элина Качыбекова
Элина Качыбекова

"Төртөө инфекциялык бөлүмдө жатат. Биринчи кандан алынган ПЧР-анализ таза чыккан. Бүгүн жара болгон жеринен анализ алынды. Анда эки кишиден оң жыйынтык чыгып жатат. Бирок бул акыркы жыйынтык эмес. Дагы эки анализ турат, чыга элек. Бирөө үч күндөн кийин, экинчиси он күндөн кийин чыгат. Көзөмөлдө турган 53 адам антибиотикалык профилактикадан өтүп жатышат. Күнүгө текшерип турабыз. Алгачкы зыянсыздандыруу, түшүндүрүү иштери жүрдү. Таратылган эт кайра чогултулуп, атайын чуңкурга көмүлдү".

Дарыгерлер ооруканада жаткан бейтаптардын абалы жакшырып, дене табы да ордуна келип, жарасы катый баштаганын айтууда.

Канат Акматбеков
Канат Акматбеков

"Ооруканага түшкөндөрдүн акыбалы жакшы. Жара болгон жерлери карттана баштады. Дарыланып жатышат. Кудай буюрса, кийинки жумаларда чыгарып калабыз го. Башында температурасы бар болчу, азыр жок", - деди райондук оорукананын башчысы Канат Акматбеков.

Илдет чыкканы айтылып жаткан Көк-Сай жана ага жанаша жайгашкан Шекер айылдарына карантин жарыяланды.

1-августка чейин бул айылдардан мал алып чыгууга, алып кирүүгө жана союуга тыюу салынды.

Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Стамкулов текшерүүлөрдүн жыйынтыгы толук чыга электигин айтты.

"Карантинди 14 күнгө чейин улантабыз деп сүйлөшүп жатабыз. Кечээ ветеринарлар менен сүйлөшсөк, 8-10 күндө жыйынтыгы чыгат дешти. Бишкектен келген текшерүүчүлөр да азырынча так белгилүү боло элек деп айтышты. Калганын дарыгерлер менен ветеринарлар билет. Биз малды сыртка чыгарбай жана киргизбей кайтарып жатабыз".

Учурда күйдүргү чыккан аймакта эпидемиялогиялык абал туруктуу деп бааланып жатат. Кара-Буура райондук ветеринардык башкармалыктан билдиришкендей, Көк-Сай айылындагы мал күйдүргүгө каршы кайрадан эмделүүдө. Малды клиникалык кароодон өткөрүүдө эч кандай кооптуу белгилер байкалган эмес.

Райондук санитардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалыматына караганда, Кара-Буура районунда күйдүргүнүн беш очогу бар. Бирок азыркы чыккан очок менен мурдагы очоктордун эң жакыны жети чакырым алыс. Көк-Сайдагы ылаң кайсы очоктон жукканы азырынча белгисиз болууда. Бул айылда акыркы жолу күйдүргүгө чалдыккан учур мындан 71 жыл мурун катталган.

Адистердин айтымына караганда, күйдүргү адамдан адамга жукпайт. Ал көбүнчө чийки этти кармаганда колунда кесилген жери же жарасы болсо, ошол аркылуу жугат. Ошондой эле этти жана сүт азыктарын чийки бышырганда да жугушу мүмкүн.

Былтыр сентябрда Сузак районунун Кызыл-Туу айылындагы сегиз кишиге күйдүргү жукканы аныкталган. Алар да чогуу мал союп, этин бөлүп алышкан.

Күйдүргү - кишиге малдан жугуучу жугуштуу оору. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Бул оору менен ылаңдаган малдын сөөгү өрттөлүп, терең казылган чуңкурга көмүлүп, бети бетондолуп, айланасы тосулууга тийиш. Оорунун очогу 100 жылга чейин ачылбай, адистер жылына эки ирет дезинфекциялап турушу зарыл.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG