Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Кырылган малдын чыгымын ким төлөйт?


Кыргызстанда жазгы селдин, көчкүлөрдүн, калың түшкөн кардын кесепети оор болду. Айрыкча, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Сузак, Алай райондору баштаган бир топ аймактардагы мал, турак жайлар, менчик үйлөр, көпүрөлөр жабыркап, эл зыян тартты.

Азыр кырдаал жөнгө салындыбы? Жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу иштери натыйжалуу жүрүп жатабы? Кырсыкты алдын алуу мүмкүн беле? Ушул жана башка суроолорго “Арай көз чарай” талкуубузда жооп издедик.

Талкууга өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов, айыл чарба министринин орун басары Мурат Байдылдаев, Жалал-Абаддан Токой чарбачылыгы боюнча адис Абдималик Элеманов, Ысык-Көлдөн фермер Орумбек Мадамбеков катышты.

Эделбек Кулматов
Эделбек Кулматов

Эделбек Кулматов: 1-4-июнь аралыгында төрт күн Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорун кыдырып, Ак-Шыйрак, Эңилчек, Сары-Жазга чейин барып келдим. Бактыга жараша бир дагы адам өлүмү катталган жок. Мал жүздөп, миңдеп кырылган фактылар бар экен. Муну жарандык коргоо комиссиясы эсептеп жатат. Расмий санын ошол комиссия чыгарат.

Азыркы тапта эки райондо тең Сырт өрөөнүнө жол ачык. Ал эми Эңилчектен ары 20-чакырымда биздин эки бульдозер иштеп жатат. Кайыңды жайлоосуна бүгүн болбосо, эртең жетип калат. Кайыңды жайлоосундагылар аман-эсен экенин куткаруучуларыбыз барып, билип келишти.

Жалпылап айтканда, Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айыл өкмөтү көйгөйлүү болгон. Акимдин айтымында, жайлоого эл чыга элек экен. Кыштоодо беш-алты үй-бүлө, айылда 345 адам болгон. Ошол жерге жетиш кыйын болду. Кумтөрдүн эки техникасы иштеп, карды тазалады. Мен 40 чакырымга чейинки жолду көрүп келдим. Чынында ал жерде абал оор. Биз барганда кардын калыңдыгы 50-60 сантиметр болчу. Саздак жер көп. Караколдон Ак-Шыйракка чейин 170 чакырым экен. Жетиш кыйын болду. Бирок кечээ ӨКМ, Коргоо министрлигинен, жарандардан чогултулган жети "КамАЗ" автоунаасы менен 1200 түк чөптү жеткиришти.

Быйылкы жылы катталган республика аймагындагы жалпы кырсыктар боюнча айтсак, беш айда 33 өзгөчө кырдаал катталды. 19 ири сел жүрүп, жүздөгөн айылдарды каптады. Сел 588 үйдүн ичине кирип, анын 53 үйү жараксыз болуп калды. Мамлекет компенсация төлөп жатат. Селдин жалпы чыгымы 70 миллион сомго чыкты.

Орунбек Маадамбеков
Орунбек Маадамбеков

Орумбек Мадамбеков: Жергиликтүү бийликтер өз убагында маани бербегени үчүн ушундай акыбалга келдик. Сырт өрөөнүндө беш зона бар. Транспорт министрлигине караштуу "ДЭУ-11" мекемесинин жетекчилери губернаторго, башка жетекчилерге жол ачык деп маалымат бергендиктен, чоң көйгөйлөр жаралды. Уюштуруу иштеринде мүчүлүштүктөр кетти. Эгер убагында туура маалымат берилгенде иш мындан да ыкчам жүрмөк. Азыр кудайга шүгүр болуп калды.

Сырт өрөөнү боюнча 150 түтүн эл бар. Мени төрага кылышкан. Бир көйгөй, 29-майдан баштап мен берген маалыматка маани беришкен жок. Андан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана башка тармактардан өкүлдөр келип, оперативдүү көп иштер жүрдү. Андан кийин деле көп мүчүлүштүктөр болду.

Мен айткым келет, 1986-жылы деле, 2015-жылы деле ушундай иш болгон. Жол тейлөө кызматкерлери өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жакшы аткарса, жаратылыш кырсыктарын алдын алуу болот эле. Тескерисинче, убагында көйгөйлөрдү айткан менин уулумдун сөзүн тиешелүү жетекчилер төгүндөп жатат. Бул уят, фактылар турат.

Мен деле фермер катары бир топ чыгымга учурадым. Бирок биз бутубуздан турганбыз. 5-10 коюн кошуп койгондордун ичи ооруп жатат. Мамлекеттен үмүт кылууда. Жалпы өкмөт ушуну карап, ар бирин талдап, муктаждыгына жараша жардам берет деген үмүттөр бар.

Адамдын өмүрүн биринчи сакташ керек. Өзгөчө кырдаалдар кызматына чырылдап барсак, короосунда эч бир техникасы жок экен. Келечекте өкмөт ушуга көңүл буруп койсо.

Мурат Байдылдаев
Мурат Байдылдаев

Мурат Байдылдаев: Биздин комиссиянын санагы боюнча аба ырайынан 28-31-майдын аралыгында кескин өзгөрүшүнүн кесепетинен Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунда жергиликтүүлөр 988 кой-эчкисин, 177 бодо мал, 27 жылкысын, 13 топозун жоготту.

Бүгүнкү күндө жергиликтүү айыл өкмөттөр, акимчиликтер, райондук агрардык өнүктүрүү департаменттери чыгашаларды тактап жатат. Теледен, интернет тармактарында 100 миңдеген насыялар тууралуу айтылып калды. Кимде кандай насыя бар экенин комиссия тактоодо. Маалыматтар такталгандан кийин алдын ала банктар менен сүйлөшүп, жеңилдетилген варианттарын караштырып жатабыз.

Өлгөн мал боюнча. Бүгүн эми эч кандай камсыздандыруу жок. Мисалы, турак үйүн, мүлкүн биздин жарандар камсыздандырбай жатпайбы. Алдын ала бардык тиешелүү тараптардан түзүлгөн комиссия жергиликтүү элдин маалыматын топтоп, тактагандан кийин карап чыгабыз. Азыр алдын ала айтуу кыйын.

Жалгыз эле Ак-Суу, Жети-Өгүз райондору эмес, башка аймактарда да табигый кырсыктардан жабыркагандар көп. Мисалы, Лейлек районунда эле 452 баш, Кара-Суу районунда 100 баш жандыкты сел агызып кетти. Биз азыр жалпы 40 райондо мониторинг жүргүзүп тактап берсеңер, жардамдын жолдорун карайлы деп кайрылып жатабыз.

Абдималик Элеманов
Абдималик Элеманов

Абдималик Элеманов: “Ооруну жашырсаң өлүм ашкере” дейт. Алешемдиктер кетип жатат. Алдыда Айыл чарба министрлигинин өкүлү дагы штабдын бөлүмүндөй "мынча өлдү, мынча акты" деп, статистиканы санап берип жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги деле биз айтып койдук эле деп атат. Мындайча айтканда, жарандык коргонуу, элди кырсыктардан сактоо боюнча иштер системалуу жүрбөгөнү көрүнүп турат.

Экинчиден, табият кырсыгы - адамдын, өзүбүздүн жаратылышка мамилебизге жообу. Жаратылыш да коргонуп жатат. Жайыттар деградация болуп кетти. Жылдан жылга такырайып атат. Бак-дарак өсүп турганда мындай сел каптабайт эле. Табият мынчалык оор кесепеттерин алып келбейт эле.

Үчүнчүдөн, мамлекеттик органдар сөзсүз түрдө мониторинг жүргүзүү, болжолдоо саясатын жүргүзөт. Бул багытта иш-чараларды жүргүзүшү керек эле. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги деле айттык дейт, ошол бойдон калып жатат. Алар милдеттүү түрдө чара көргөнгө, буйрук, тапшырма бергенге мыйзамдык укуктары бар. Тилекке каршы, ошол укуктарын акырына чейин толук аткарбай жатат. Мисалы, сел алган жерлерди кайра эле жыл сайын алып жатат, ошол өрөөндүн эли жабыркайт. Ошондон улам иштиктүү иш-чара, чечимдер кабыл алынганда эл мынчалыкка жетпейт эле.

Жергиликтүү бийликтин деле жаратылыш кырсыктарына жараша, мисалы, сел ага турган каналдарды кеңейтүү, көтөрүү, кошумча куруу иштерин жасаган кантип колунан келбесин? Биздики эмне кылып жатат? "Кожо көрсүнгө" салып аркаларды куруп жатат, жол бойлоруна бизде өспөй турган ийне жалбырактуу дарактарды отургузууда.

Башкача айтканда, акчаны башка максат үчүн колдонууда. Биринчи кезекте элдин коопсуздугуна, өмүрүнүн, мүлкүнүн сакталып калышына чаралар көрүлүшү абзел эле. Мен дагы аксуулук аксакалдын сөзүнө кошулам. Мындан кийин башкача мамиле кылыш керек да. Мындай абалда жашоочулардын гана убалына калабыз.

Талкууну толугу менен бул жерден көрүңүз:
Ысык-Көлдөгү калың кар: Кырдаал кандай?
please wait

No media source currently available

0:00 0:47:23 0:00

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG