Ирандын мамлекеттик телеканалы көрсөткөн кадрларга ылайык, 13-мартта борбор шаарда миңдеген адамдар менен бирге президенттен тышкары сот системасынын башчысы Голам Хоссейн Мохсени Эжеи, улуттук полициянын жетекчиси Ахмад-Реза Радан жана тышкы иштер министри Аббас Арагчи жүрүшкө катышты. Ошол эле учурда шаардын айрым жерлеринен соккудан кийин көтөрүлгөн түтүн көрүнүп турган.
Демонстрация АКШнын коргоо министри Пит Хегсет бул күнү эң катуу аба соккулар уруларын эскерткен маалда өттү.
Анын айтымында, 28-февралдан 15 миңден ашуун бутага сокку урулган.
Хегсет ошондой эле Ирандын жооп соккуларынын саны азайганын айтты. Анын сөзүнө караганда, Ирандын ракеталары, ракета учуруучу түзүлүштөрү жана дрондору жок кылынып, асмандан атып түшүрүлүп жатат.
Түркияда Ирандын ракетасы атып түшүрүлдү
НАТОнун аба чабуулдарынан коргонуу системасы Ирандан Түркия тарапка учурулган үчүнчү баллистикалык ракетаны атып түшүрдү. Бул тууралуу 13-мартта Түркиянын Коргоо министрлиги билдирди.
«Ирандан учурулуп, Түркиянын аба мейкиндигине кирген баллистикалык ракетаны Жер Ортолук деңизде жайгаштырылган НАТОнун абадан жана ракетадан коргонуу системалары иштен чыгарды», — деп жазылды министрликтин билдирүүсүндө.
Билдирүүдө ракетанын мизи так кайсы жерде кайтарылганы көрсөтүлгөн жок. Ошондой эле окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн Иран менен кеңешмелер жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Буга чейин маалымат каражаттары Түркиянын түштүгүндөгү Инжирлик авиабазасына жакын жерде түн ичинде жарылуу болгону тууралуу кабарлашкан. Бул база НАТОнун объектиси, анда АКШнын аскер күчтөрү жайгашкан.
Reuters агенттигинин маалыматына жана социалдык тармактарда тараган видеолорго ылайык, жарылуунун толкуну жакын жайгашкан имараттардын терезелерин титиреткен.
Соңку бир аптанын ичинде Ирандын ушуну менен үчүнчү ракетасы Түркиянын аймагында атып түшүрүлдү. Буга чейин НАТОнун аба чабуулдарынан коргонуу күчтөрү 4-мартта Түркияга багытталган биринчи ирандык ракетаны, андан кийин 9-мартта экинчи ракетаны да атып түшүрүшкөн.
Министрлик билдиргендей, биринчи ракета Түркиянын аба мейкиндигине жетпей эле жок кылынса, экинчиси өлкөнүн аба мейкиндигине кирген. 9-марттагы окуядан кийин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Иранды аймактык туруктуулукка жана жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан аракеттерден алыс болууга чакырган:
"Биринчи ракетадан кийин биз Иран бийлигине эскертүү бергенбиз. Бирок, баса белгилеп айткым келет, биздин чын ыкластуу эскертүүлөрүбүзгө карабастан, Түркия менен достук мамилелерге көлөкө түшүрө турган чагымчыл кадамдар жасалып жатат", - деген эле Эрдоган.
Иран тараптан азырынча расмий комментарий берилген жок. Бирок буга чейин Тегеран Түркияны атайылап бутага алганы тууралуу айыптоолорду четке каккан.
Түркия буга чейин өзүнүн аба мейкиндигин Иранга каршы чабуулдар үчүн колдонууга жол бербей турганын билдирген. Бирок бул чара өлкөнү Иран ракеталарынан толук коргой алган жок.
Дүйшөмбү күнү АКШнын Мамлекеттик департаменти Түркиянын түштүгүндөгү Адана шаарындагы америкалык консулдукта иштеген дипломаттар менен алардын үй-бүлөлөрүнө шаардан чыгып кетүүгө буйрук берген. Ошондой эле америкалык жарандарга Түркиянын түштүк-чыгыш аймагына барбоо эскертилген.
10-мартта Түркиянын Коргоо министрлиги НАТО Малатья шаарында "Пэтриот" абадан коргонуу системасын жайгаштырганын билдирди. Бул АКШнын эң заманбап ракетага каршы коргонуу системаларынын бири.
Түркиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Зеки Актүрк бейшемби күнү журналисттерге Инжирлик авиабазасында Түркиянын F-16 учактары, май куюучу учактары жана дрондору жайгашканын айтты.
Анын айтымында, базанын бардык объектилери Түркияга таандык, бирок учурда ал жерде АКШ, Испания, Польша жана Катар өлкөлөрүнүн аскерлери да кызмат өтөп жатышат.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп.
Трамп: Бүгүн эмне болорун көрөсүңөр
АКШнын президенти Дональд Трамп 13-мартта Иранга дагы катуу сокку уруларын эскерткендй болду. Ал Truth Social социалдык тармагына «бүгүн эмне болорун көрөсүңөр» деп жазды. Американын президенти Израил менен АКШнын биргелешкен аба соккулары Иранды «аскерий, экономикалык жана башка жактан катуу алсыратканын» кошумчалады. Ага чейин жасаган билдирүүсүндө баары ойдогудай өтүп жатканын айткан.
Ал арада АКШнын Борбордук командачылыгы 13-мартта билдиргендей, май куюучу учак Ирактын батышында кулап түштү. Учактагы экипаждын алты мүчөсүнүн төртөө каза болду, куткаруу иштери уланууда. Командачылык тараткан билдирүүдө окуянын жагдайларды иликтенип жатканы жазылды.
KC-135 учагы АКШ армиясынын абада май куюу операцияларында негизги ролду аткарган учактардын бири болуп эсептелет. Ал башка учактарга абада май куюп, алардын жерге конбой эле узак убакыт миссия аткаруусуна мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, Франциянын президенти Эммануэл Макрон Ирактын Күрд аймагындагы Эрбил районунда дрон чабуулунан бир француз аскери каза болгонун билдирди.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон.
"2015-жылдан бери ДАИШке каршы күрөшүп жаткан биздин күчтөргө жасалган бул чабуул кабыл алынгыс", — деди Макрон.
ДАИШ деген өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган экстремисттик топтун дагы бир аталышы.
"Француз аскерлеринин Ирактагы катышуусу терроризмге каршы күрөштүн алкагында гана жүргүзүлөт. Ирандагы согуш мындай чабуулдарды актоого негиз боло албайт", — деп кошумчалады ал.
Дрон кайсы жактан учурулганы же аны ким колдонгону азырынча белгисиз. Буга чейин француз армиясы кеминде алты аскер жарадар болгонун, алардын бири кийин каза тапканын билдирген.
Бул АКШ менен Израил коңшу Иранга каршы масштабдуу аба операциясын баштагандан бери француз аскеринин биринчи тастыкталган өлүмү болуп калды. Франция бул аскердик операцияларга түздөн-түз катышпай турганын билдирген.
Иран Израилге сокку урду
13-мартка караган түнү Иран Израил тарапка кайрадан бир нече ракеталык сокку жасаганын Тел-Авивдеги расмий өкүлдөр билдиришти. Өзгөчө кырдаал кызматы өлкөнүн түндүгүндө эки адам жарадар болгонун маалымдады.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 28-февралда согуш башталгандан берки биринчи басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.
"Биз кандай аракеттерди жасап жатканыбызды толук айта албайм. Биз режимди кулатууга ылайыктуу шарттарды түзүп жатабыз. Бирок Иран эли сөзсүз режимди кулатат деп толук ишеним менен айта албайм. Режим адатта ички күчтөр аркылуу кулатылат. Бирок биз сөзсүз жардам бере алабыз жана жардам берип жатабыз, — деди ал.
Бир нече сааттан кийин Ирандын маалымат каражаттары өлкөнүн борбору Тегеранда жарылуулар болгонун кабарлады.
Ошол эле маалда Израил Ливандагы Иранды колдогон «Хезболла» күчтөрүнө каршы чабуулдарын улантып, аскерлер түштүк Ливандын ичине дагы терең кире баштаганы маалым болду.
Израил армиясынын чабуулунан кийин Бейруттун үстүнө көтөрүлгөн кара түтүн.
Израил армиясы жергиликтүү тургундарды Израил менен чек арадан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан Захрани дарыясынын түндүк тарабына дароо көчүүгө чакырды.
Аскер өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, «Хезболла» түн ичинде Израил тарапка болжол менен 200 ракета аткан. Израил муну согуш башталгандан берки эң ири ракеталык чабуул деп мүнөздөдү.
Ушул эле күнү Сауд Арабиясы өзүнүн аба мейкиндигине кирген ондогон дрон кармалганын билдирди.
13-мартка караган түнү журналисттер Дубай шаарынын борбордук каржы районунда жарылуулар болгонун көргөнүн айтып беришти.