Түркиянын Коргоо министрлиги Иран тараптан атылган баллистикалык ракетаны атып түшүрүшкөнүн, ал түрк аймагы көздөй учуп баратканын билдирди. Бул өңдүү окуя бир жуманын ичинде ушуну менен үчүнчү жолу катталып отурат.
“Ирандан атылган жана Түркиянын аба мейкиндигине келаткан баллистикалык дүрмөттү НАТОнун Жер ортолук деңиздин чыгышында жайгашкан абадан жана ракеталардан коргонуу системасы зыянсыздандырды”, - деп айтылат министрликтин 13-марттагы билдирүүсүндө.
Билдирүүдө ракета кайсы жерде атып түшүрүлгөнү такталган жок. Инциденттин чоо-жайын аныктоо үчүн Иран менен сүйлөшүү жүрүп жатканы айтылды.
Буга чейин түн ичинде Түркиянын Инжирлик аба базасына жакын жерде жарылуу болгону угулганы маалымдалган. НАТОнун бул базасында америкалык күчтөр жайгашкан. Рейтер тараткан кабарларга жана социалдык тармактардагы видеолорго караганда, айланадагы имараттарда терезелер титиреп жатты.
4-мартта жана 9-мартта Түркия НАТОнун абадан коргонуу системасы Ирандан учурулуп, Түркиянын аба мейкиндигине кирген баллистикалык ракеталар атып түшүрүлгөнүн билдирген.
Анкара өлкө аймагына коркунуч жаралса бардык зарыл чаралар көрүлөрүн эскерткен.
Тегеран Түркияны атайылап бутага алганы тууралуу маалыматты четке каккан. Акыркы окуя тууралуу Иран эч кандай билдирүү жасай элек.