Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 13-марттагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин мандатын алуу тууралуу чечим кабыл алды. Мындай чечимге БШКнын 12 мүчөсүнүн 8и макул деп добуш берди.
Зулушев мандатын тапшыруу тууралуу Боршайкомго арыз жазганын “Азаттыкка” өздүк булактар билдирген. Өзү комментарий бере элек.
Курманкул Зулушев 54 жашта. 1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган.
Прокуратура тармагына 2000-жылы келген жана 2007-жылга чейин Нарын, Чүй облустарында райондук прокуратурада, Транспорт прокуратурасында прокурордун жардамчысы, тергөөчү кызматтарында иштеген. Андан кийин прокуратурадан сот тармагына өткөн. 2007-2013-жылдары Чүйдүн Сокулук районунда судья, 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары болгон.
Зулушев коомчулуктун калың катмарына 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп турганда таанылган. Ошол жылы ал төрагалык кылган, үч судьядан турган коллегия Жогорку Кеңештеги ошол кездеги “Ата Журт” фракциясынын үч депутаты - Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду оор беренелер менен козголгон кылмыш ишинде актаган. Андан кийин кызматтан алынган.
Зулушев 2015-жылдагы парламенттик шайлоого “Республика - Ата Журт” партиясынын тизмеси менен барган. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин башкы прокурор болуп дайындалып, 2024-жылга чейин иштеди.
2025-жылкы Жогорку Кеңешке шайлоодо №10 округдан шайланып келип, парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болгон.
Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматынан бошоткондон бери Элдар Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу, Куванычбек Конгантиев жана Кундузбек Сулайманов депутаттык мандатын тапшырышты. Жанарбек Акаев да мандатын тапшырып, Ош шаарына мэр болду. (BTo)
Шерине