Атпай журтка “Кыргыздар” жыйнагы жана башка мекенчил чыгармалары менен түгөл таанымал көрүнүктүү кыргыз таануучу Кеңеш Жусупов 1937-жылы 14-апрелде Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылында туулган. Элинин алдындагы эмгеги үчүн 2016-жылы экинчи даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган, 2024-жылы жазуучуга “Эмгек баатыры” наамы ыйгарылган.
1956-жылы ал Кыргыз улуттук университетинин кыргыз тил жана адабият факультетине кабыл алынган. 1958-жылы аңгемеси "Ленинчил жашка" чыгып, ошондон тартып прозалык чыгармалары мезгилдүү басма сөздө ырааттуу жарыялана баштаган. Университетти 1961-жылы аяктап, эки жыл Нарын шаарында облустук гезитте иштеген.
Кийин Бишкекке кайтып келип, 1964-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы "Басма сөздө мамлекеттик жашыруун сырларды сактоочу башкы башкармалыкта" иштеген, 1966–1968-жылдары "Кыргызстан" басмасында редактор болгон. "Кыргызфильм" киностудиясында сценарий бөлүмүндө, "Ала-Тоо" журналында эмгектенген.
7-класста окуп жүргөндө алгачкы ыры гезитке чыгып, 1958-жылы биринчи «Түш» деген аңгемеси «Ленинчил жаш» гезитине жарыяланган. Эл аралык «Түгөлбай Ата» коомунун, Асанбек Табалдиев атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты Кеңеш Жусуповдун айрым аңгеме, повесттери түрк, украин, өзбек, чех, орус, казак, татар, араб, француз тилдерине которулган. "Лесорубы" ("Карагайчылар") деген аңгеме, повесттер жыйнагы 1975-жылы Москвадан (орусча) жарык көргөн.
Жазуучу, киносценарист жана котормочу Ашым Жакыпбеков менен бирдикте "Манас" эпосун кара сөз түрүндө жазган Жусупов проза түрүндө балдар үчүн жазылган "Манас" эпосунун да автору.
1991–2012-жылдары "Кыргыздар" аттуу беш томдук түзгөн, аны кийинчерээк Каныбек Иманалиев менен чогуу 10 томго, 14 томдукка жана 40 томдукка жеткирген.
Кеңеш Жусуповдун эмгектери аркылуу далай муундар агарып-көгөрдү, далай жеткинчектер “мен киммин, менин ата-тегим ким, кыргыз улутунун тарыхый кыйыры жана маданий көрөңгөсү кайсы доорлорго барып такалат?” деген татаал суроолорго ар тараптуу хрестоматиялык жооп таба алганын 2022-жылы тарых илимдеринин доктору, публицист Тынчтыкбек Чоротегин Жусуповдун 85 жылдыгына карата макаласында белгилеген.
2024-жылы апрель айында Бишкек шаарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Жусуповдун чыгармаларынын беш томдугунун жарык көрүшүнө байланыштуу адабий кече тууралуу макаласында Тынчтыкбек Чоротегин Кеңеш Жусупов жеке көркөм чыгармачылыгы аркылуу 1960-жылдары чоң дүбүрт менен келген кыргыз көркөм калемгерлеринин бараандуу өкүлү катары таанымал экенине токтолгон:
Дагы караңыз Тарыхый эстутумду чыңдаган залкар жазуучунун кечеси"Анын бир катар чыгармалары элетти, тоолуктардын карапайым турмушун жана дилин чагылдырган жаңычыл эмгектер катары жылуу сөзгө арзыган. Кеңеш Жусупов инсан таануу жаатында да дың буза билген калемгер. Акын Алыкул Осмоновдун тагдырындагы белгисиз барактар болобу, же сталинизм доорунда жазыксыз жерден жайран болгон тарыхчы Белек Солтонкелди уулу Солтоноевдун өмүрү жана анын чексиз баага татыган көзгө басар “Кызыл кыргыз тарыхы” эмгеги болобу, айтор, алгач илим жана маданият чөйрөсүнө Кеңеш Жусупов өзү маалым кылган тагдырдык барактар арбын. Кеңеш Жусупов агабыз - кыргыздын өзгөчө айырмалуу саякатчы айдыңы. Анын Италияга жана Жапонияга жасаган сапарлары тууралуу өзүнө арбаган баяндары кыргыз көркөм адабиятында сапарнаамалар жанрын өнүктүрүүгө кошулган татынакай салым болуп калды. Ал өзүнүн досу, жазуучу Кубатбек Жусубалиев (Кердегей) менен бирге жана өз алдынча Энесайды, Алтайды карай жасаган сапары, Хакасияда айтылуу этнограф Астайбек (Виктор Яковлевич) Бутанаев менен жолугушуусу жана достошуусу тууралуу маркум Астайбек агайдын өзүнөн да нечен ирет жылуу сөздөр уккан элем".
Кыргыз эл жазуучулары Кеңеш Жусупов менен Кубатбек Жусубалиев. 25-декабр, 2020-жыл.
"1980-жылдары кыргыз тарыхчыларынын расмий жетекчилиги коммунисттик идеологиянын жана геосаясаттын күрдөөл маселелерине шылтап, Энесай Кыргыз тарыхынын барактарын тарыхыбыздан чийүү аркылуу тарыхнааманы бурмалап жаткан чакта Кеңеш Жусупов кыргыз тарыхынын ар кыл барактарына, анын ичинде Энесайга да байланыштуу даректүү маалыматтарды өзү жетектеген “Ала-Тоо” журналына кыргызча котортуп, байма-бай жарыялоо аркылуу иш жүзүндө тарыхчы мугалимдер үчүн журналдык хрестоматия жаратып койгону да өз доору үчүн зор каармандык болчу".
Дагы караңыз Алп кыргыз таануучу 85 жаштаЭл жазуучусу Жаныш Кулмамбетов Кеңеш Жусуповду эскерип Фейсбукка жазган постунда анын том-том болуп чыккан "Кыргыздары" менен элдин руханий дүйнөсүнө Ала-Тоодой эмгеги сиңгенин белгилледи:
"Эч качан төшүн какпаган, мактанбаган, кыргыздын накта патриот уулу. "Ыр сабындагы өмүр", "Карагайчылар" сыяктуу шедеврлерди жараткан нукура калем сүрөткери, жибектей созулган таза инсан, кенедей да бой көтөрбөгөн, атагына манчыркабаган, интеллекти өтө жогору, таалим-тарбиясы менен улуттук гуманитардык интеллигенциянын үлгүсү болорлук өкүлү, кумурскадай эмгекчил личность катары улуттун тарыхынан, улуу адамдардын сабынан түбөлүк орун алат..."
Кеңеш Жусупов 86 жашка толгондо "Азаттык" атайын видео программа даярдап, өзү менен жолугуп келген эле.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Карылыкты чыгыш акылмандарындай өткөрүш керек"