Израилдин борбордук бөлүгүндөгү Шоам шаарында Ирандын ракета соккусунан жабыркаган имаратта ири өрт чыкты. Азырынча өрт ракета сыныгынанбы же кассеталык ок-дарынын жарылуусунан келип чыкканбы, так белгисиз. Бул тууралуу израилдик чукул кызматтарга шилтеме берип "Настоящее время" жазды.
Дагы бир өрт Ришон ле-Цион аймагында чыкты - ал жакта ракета сыныгы түшкөн жер өрттөнгөн. Жабыркагандар тууралуу маалымат түшкөн жок.
Буга чейин Financial Times басылмасы өз булактарына шилтеме кылып Иранга аскердик операция башталгандан бери АКШ бир нече жылдарга эсептелген өтө маанилүү саналган курал-жарагын чыгаша кылганын жазган. Сөз, айрыкча, узакка атуучу ракеталардын запасы тууралуу болгон.
АКШ менен Израил Иранга аскердик операциясын 28-февралда баштаган. Тегеран ага жооп кылып Израилди жана Перс булуңундагы америкалык аскер базаларын аткылап жатат.
Ирандын соккусунан кийин Израилдин борбордук аймагында өрт чыкты
2026-жылдын 13-марты. Израилдин борбордук бөлүгү.