Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам Кувейт, Бахрейн жана Катардагы Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча кезектеги авиакаттам уюштурууда.
ТИМдин сайтында жарыялангандай, эвакуациянын биринчи этабында мекенине кетүүнү каалаган жарандардын тизмеси түзүлүп, виза жана өлкө аймагынан чыгуу үчүн уруксат алынды. 13-март күнү жарандар Эл-Кувейт, Манама жана Доха шаарларынан автобус менен Эр-Рияд шаарына жиберилди.
Мекеме эвакуация процесси аяктап, жарандар Кыргызстанга кайтып келгенден кийин кошумча маалымат болорун билдирди.
ТИМ ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курч бойдон сакталып жаткандыктан кыргызстандыктарды абал толук турукташканга чейин аймактагы өлкөлөргө баруудан карманып турууга чакырды.
Ал жакта жүргөн жарандарга жакынкы аралыкта транзиттик өлкөлөр аркылуу жеткиликтүү жана коопсуз каттамдар менен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу сунушталды.
ТИМ өзгөчө кырдаал жаралган учурда төмөнкү телефон номурларына байланышса болорун кошумчалады.
ТИМдин Консулдук департаменти (күнү-түнү): +996 999 312 002, e-mail: dks@mfa.gov.kg;
Ирандагы элчилик: +98 21 2283 0354, +98 935 250 5229;
Армениядагы Ардактуу консул: +374 91 919191;
Кувейттеги элчилик: +965 50887691;
Катардагы элчилик: +974 50667001;
Сауд Арабиядагы элчилик: +966 583769945;
Бириккен Араб Эмирликтериндеги элчилик: +971 522255269;
Дубай шаарындагы башкы консул: +971 522918840;
Израилдеги элчилик: +90 545 689 6800;
Израилдеги Ардактуу консул: +972 53 3214916;
Түркиядагы элчилик: +90 312 491 35 06, +90 545 689 68 00;
Түркмөнстандагы элчилик: +993 12 48 22 95, +993 12 48 22 96, +993 65 69 40 59;
Ооганстандагы элчилик: +93 77 9099326, +93 77 9099326, +93 77 654 4504 (WhatsApp);
Азербайжандагы элчилик: +994 993 312 312, +994 12 505 56 74, +994 55 750 53 01.
ТИМдин 11-марттагы маалыматына караганда, Жакынкы Чыгышта кырдаал курчугандан бери ал жактан Кыргызстандын 300 жараны алынып келинди.
Перс булуңунан кыргызстандык жарандарды эвакуациялоо 4-мартта башталган.
Тышкы иштер министрлиги Перс булуңу аймагында 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин 2-марттагы брифингде кабарлаган.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан сокку урган. Түрдүү чабуулдар токтой элек. (ZKo)
Шерине