Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

Казакстандык Ербол Хамитов Паралимпиаданын чемпиону болду

Ербол Хамитов лыжа менен отуруп жарышууда коло медал утту. Италия, 10-март 2026-жыл
Ербол Хамитов лыжа менен отуруп жарышууда коло медал утту. Италия, 10-март 2026-жыл

Казакстандык паралимпиадачы Ербол Хамитов Милан-Кортинадагы оюндарда биатлондон алтын медал жеңди.

4,5 километр дистанцияда экинчи орунду украиналык Тарас Рад, үчүнчүнү кытайлык Цзысюй Лю алды.

28 жаштагы Хамитов буга чейин лыжа менен отуруп жарышууда коло медал тагынган.

2023-жылы казакстандык атлет спорттун ушул эле түрүнөн дүйнө чемпионатын уткан, былтыр февралда парабиатлон боюнча Казакстандан чыккан алгачкы дүйнө чемпиону болгон.

Ал бала кезинен спорт менен машыгып, күрөштүн түрлөрүнө кызыкчу. 19 жашында көчөдөгү мушташ маалында бутунан айрылгандан кийин спортту таштап койбой, лыжа менен машыга баштаган.

Казакстан кышкы Паралимпиадаларда ушуну менен беш медал жеңди.

6-мартта башталган Италиядагы жарыштар 15-мартка чейин уланмакчы. Кошуна өлкөдөн ага 7 атлет катышууда.


Шерине

XS
SM
MD
LG