Кыргыз-Орус славян университетинин жаңы кампусу Байтик айылынын аймагында, 30 гектардай жерге курулат. Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Бекбосун Бөрүбашев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 16-марттагы жыйынында билдирди. Маалыматта айтылгандай, ал жерге окуу корпустары жана мектеп курулат.
Долбоор үч этап менен ишке ашат.
Парламенттин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитети кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ортосундагы "Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинин кампусун куруунун шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамынын долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.
Университеттин жаңы кампусун куруу боюнча макулдашууга Орусиянын президенти Владмир Путиндин 2023-жылы Бишкекке сапары учурунда жетишилген.
Кыргызстан Байтиктен 30 гектар жер бөлүп берип, инфратүзүмүнө байланыштуу маселелерди чечип бериши керек.
Кыргыз-Орус славян университети 1993-жылы түзүлгөн. Ага кийин Орусиянын биринчи президенти Борис Ельциндин аты берилген. Алгач сапаттуу билим берери айтылып келген окуу жайга байланыштуу соңку жылдарда бир топ жаңжалдар болгон.
Былтыр отуздай студенти окуу жайдын кабыл алуу процессиндеги мүчүлүштүктөрдөн улам бир жыл билим алгандан кийин чыгарылып калганын айтып чыгышкан. Окуу жайдын жаңы жетекчилиги аларды окууга “мыйзамсыз кирген” деп күнөөлөгөн.
2025-жылы университетинин ректору болуп Сергей Волков шайланган. Ошондой эле бул окуу жайда Камкорчулар кеңеши түзүлүп, анын төрагалыгына УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин бекитилгени белгилүү болгон. Анын орун басарлыгына Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков тандалган. (КЕ)