Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:01

Орусиянын соккусунан Украинада алты адам мерт кетти

Орусия соккусунан кийинки өрт. Запорожье. 14-март, 2026-жыл.
Орусия соккусунан кийинки өрт. Запорожье. 14-март, 2026-жыл.

14-март күнү Орусия Украинаны аткылаганда алты адам мерт кетип, ондогон кишилер жаракат алды. Орусия жалпы 430 дрон жана түрдүү типтеги 68 ракета менен чабуул койгонун украин президенти Владимир Зеленский билдирди.

"Тилекке каршы үйлөр, мектептер жана жарандык мекемелер бутага алынды", - деп жазды Зеленский Телеграм каналына.

Киевдин аскердик администрация башчысы Николай Калашник аймактарда беш адам мерт кеткенин жана 15 адам жаракат алганын билдирди.

"Үчөө оор абалда, экөө операцияда", - деп кошумчалады ал.

Орусиянын чабуулунан Запорожьеде дагы бир адам мерт кеткени кабарланды, дагы кеминде беш аймак орус дрондорунун бутасына алынган. Ондогон адамдар жаракат алды, арасында жети өспүрүм бар.

Орусия тарап соккулар тууралуу комментарий берген жок, бирок Телеграм каналдар аймактагы жардыруулар жана түтүн тартылган тасмаларды чыгарышты.

Орусиянын соккусу АКШ Иранга каршы согуш шартында орус мунайына киргизилген санкцияларды дүйнөлүк энергетика базарын турукташтыруу үчүн убактылуу алуу чечиминен кийин болду. Киев бул кадам Кремлдин фондун болжолдуу 10 млрд долларга толтурат деп билдирди.

Дүйнө коомчулугунун көңүлү Жакынкы Чыгыштагы күчөп бараткан жаңжалга бурулгандыктан, Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аракеттери басаңдап, фронттогу согуш уланып жаткандыктан, сүйлөшүүлөрдүн тагдыры белгисиз бойдон калды.

12-мартта Киев менен Москва Орусия, Украина жана АКШ катышкан үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы кийинкиге жылдырылганын ырасташты, ал эми 13-мартта украин аскерлери ошол күнү фронтто 153 кагылышуу болгонун билдиришти.

"Орусия Жакынкы Чыгыштагы согушту Европада, Украинада дагы көп кыйроолорду жаратууга пайдаланууга аракет кылат", - деди Зеленский 14-мартта.

Андан тышкары, Киев Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрү менен дрондорду кармоо тажрыйбасын бөлүшүүгө аракет кылып жатканда, Тегеран Украина аймагы эми Иран күчтөрү үчүн "мыйзамдуу бута" деп эсептелиши мүмкүн экенин эскертти.

Иран көптөн бери Орусиянын өнөктөшү болуп келген жана Москванын Украинага каршы аскердик операциялары үчүн ага аскердик жабдууларды жана технологияларды жеткирип келген. Киев 2022-жылдан бери Орусиянын өлкөгө жасаган чабуулдарында кеминде 57 000 "Шахед" дрондору колдонулганын буга чейин билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG