Чет өлкөдө "террордук уюмга кошулууга аракеттенген" деген шек менен кыргызстандык жаран кармалды

УКМК тараткан сүрөт. 16-март, 2026-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) радикалдык идеологиянын тарапкери кармалганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы шектүү Н. А. 13-март күнү КМШ өлкөлөрүнүн биринен Кыргызстанга учак менен учуп келгенде кармалганын кабарлады. Ага ылайык, кармоо операциясы өнөктөш кызматтар менен чогуу жүргүзүлгөн.

Коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, шектүү алыскы чет өлкөгө чыгып, "эл аралык террордук уюмдардын катарына кошулууга аракет кылган" деп айыпталган.

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында зарыл болгон атайын тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Атайын кызмат кыргызстандыктарды чет элдик, эл аралык террористтик жана экстремисттик топторго колдоо көрсөткөн жарандар да кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданып катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.(ZKo)

Дагы караңыз

Депутаттардын жапырт мандат тапшыруусуна эмне себеп? БШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны депутаттык мандатынан ажыраттыОрунбеков быйыл 20 миң үй-бүлө ипотека менен батир аларын айтты Нарында билим берүү башкармалыгынын башчысы коррупцияга шектелип кармалдыОоганстанда тажикстандык дарыгер аял киши колдуу болду