УКМК жетекчиси ишкерлерди коргоого даяр экенин билдирди

УКМК тараткан сүрөт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Жумгалбек Шабданбеков бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуп, негизсиз кийлигишүүдөн алыс экенин билдирди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 16-мартта кабарлады. Атайын кызматтын башчысы ишкерлерге кандайдыр бир коркутуу-кысуу болсо коргоого даяр экенин айтып, аларды ачык жана ак ниет иштеп берүүгө чакырды.

Ишкерлерге карата кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери жана административдик тоскоолдуктары жаралган болсо баары мыйзам чегинде караларын кошумчалады. Бизнес-коомчулугу арасында мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп, кылмыштуу схемаларга аралашкандар болсо алардын жоопкерчилиги тууралуу эскертти.

УКМК тараткан сүрөт

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Атайын кызматтын башчысы алмашкандан кийин айрым ишкерлер убагында УКМКнын басым-кысымына кабылганын, бизнесин тарттырып жибергенин айтып чыгышкан.

Президент Садыр Жапаров 11-мартта парламентте билдирүү жасап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилерине ишкерлерден арыз түшсө калыс текшерип, адилет чечим кабыл алуу тапшырмасы берилгенин айткан.

Буга чейин УКМК Кыргызстанда акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөштөн мал-мүлк, каражат түрүндө мамлекетке 352 млрд сом (4,14 млрд доллар) кайтарылганын билдирген. (КЕ)

Дагы караңыз

БШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны депутаттык мандатынан ажыраттыОрунбеков быйыл 20 миң үй-бүлө ипотека менен батир аларын айтты Нарында билим берүү башкармалыгынын башчысы коррупцияга шектелип кармалдыОоганстанда тажикстандык дарыгер аял киши колдуу болду